www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-июнда жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин экс-жетекчиси Динара Кутманованын мурдагы күйөөсү Сапарбек Кутманов Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына кайрылып, алардын 1988-жылы туулган уулу Кемел Кутмановду Түркияда уурдап, 600 миң доллар талап кылганын билдирген. Бул тууралуу экс-министр Кутманова да ЖМКларга билдирген.

22-июлда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул факты Бишкек ШИИБде катталган.

Текшерүү учурунда Кемел Кутманов 29-майда Кыргызстандан Казакстанга чыгып кеткени белгилүү болду. Алматы шаарынан самолет менен Вьетнамга учуп, ал жерден 13-июнда кайтып келип, дароо Москвага учуп кеткен.

КР ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, андан кийин 14-июнда Москва-Цюрих-Дубай каттамы менен учуп, 19-июнда Дубай-Москва каттамы менен Россияга кайтып келип, ошол эле күнү Москва-Стамбул каттамы менен Түркияга жөнөп кеткен.

10-июлда Кемел Кутманов уурдалганын айтып, Стамбул полициясына кайрылган. Ички иштер министрлиги түрк кесиптештери иликтөө учурунда бул фактыны ырастабаганын белгиледи.

Башкармалык УКМК Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы коррупциялык иштерди иликтеп жатканын эскертти.

Иш боюнча айыпталып жаткан1989-жылы туулган Х.Ш.Т. аттуу жаран Кемел Кутмановдун жакын досу. Ал 13-июнда кармалган – бул күнү Кемел Кутманов Алматыдан Москвага учуп келген. Ал досунун камакка алынганын Вьетнамдагы аэропортто жүргөндө билген. 27-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кутмановго мамлекеттер аралык издөө жарыялап, 11-июлда миграция кызматы тарабынан кармалган.

Учурда аны депортациялоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси чечилүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости