www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-министр Жамал Ташыбекова каза болду

Узакка созулган оорудан кийин мурдагы тышкы иштер министри, коомдук ишмер Жамал Ташыбекова 83 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Ташыбекова Жамал Чойбековна 1937-жылы 29-августта Фрунзе шаарында төрөлгөн.

1967-жылдан тарта партиялык, мамлекеттик кызматтарда иштеп, 1980-1986-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри болуп эмгектенген. Советтин жана республиканын Жогорку Советинин бир нече жолку депутаты болуп шайланган.

Ташыбекова 1980-1986-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри болуп эмгектенген.

Ташыбекова саламаттык сактоонун, элге билим берүүнүн базасын чыңдоого, айрыкча илимди, маданиятты, спортту өнүктүрүүгө көп күч жумшаган. Элдердин ортосунда достукту жана кызматташтыкты чыңдоо жана өнүктүрүүдөгү олуттуу салымы үчүн ага Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси деген даражалуу дипломатиялык ранг берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости