www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Бишкектин Октябрь райондук соту “Орион” курулуш компаниясынын ээси Куттубай Мурзабаевдин кармалышын мыйзамдуу жана негиздүү деп тапты.  «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда,   райондук сот мындай токтомду 7-декабрда чыгарганын Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы ырастады.

Ага ылайык, Куттубай Мурзабаевге Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренесинин 2-бөлүгү “Уюшкан топко катышуу” менен айып коюлган.

Куттубай Мурзабаевдин кармалышынын мыйзамдуулугун карап берүү өтүнүчү менен Октябрь райондук сотуна УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы кайрылган. Куттубай Мурзабаев эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулган. Атайын кызмат анын иши боюнча комментарий бере элек. Ал экс -премьер Мухаммедкалый Абылгазиев өнөктөшүп, Нарын мини ГЭСин кургусу келген. Куттубай Мурзабаев “Орион” курулуш ишканасынын ээси, мындан тышкары Бишкектеги “Orion Hotels” мейманканасынын директору.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости