www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош мэри  Бакытбек Жетигеновду кызматтан кетирүүгө президент каршы чыкты. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, «мэр тартип орнотуп атат, албетте мындай тартип депутаттарга жакпайт, анткени, алар мыйзамсыз курулуштарды баштаган. Депутаттар арасында коррупциядан жан баккандар бар, азыр алар ким экенин айтпайм, керек болгондо бардыгы белгилүү болот» деди мамлекет башчысы. Ош шаардык кеңешинин калаа мэри Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча өтүнүчүн президент Садыр Жапаров колдогон жок.

Ош шаардык кеңеши 14-ноябрдагы сессиясында мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин кабыл алган. Жашыруун добуш берүүгө 42 депутат катышып, жыйынтыгында алардын 39у ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдоп, үч депутат каршы болгон. Депутаттар буга шаардык кеңештин токтомдору аткарылбай жатканын жүйө кылышкан.

57 жаштагы Бакытбек Жетигенов Ош шаарына мэр болуп бир жыл мурда дайындалган. Ал мурда Жогорку Кеңештин депутаты болгон, 2021-жылы ноябрда “Бийликти күч менен басып алууга даярдануу” деген берене боюнча кармалып, бир айдан кийин бошотулган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости