www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөнүн ички дүң продуктусунун көлөмү триллиондон ашты

2023-жылдын январь-ноябрында Кыргызстандын ички дүң продуктусунун көлөмү 1 триллион сомдон ашып, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 4,4%га көбөйдү. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда,   улуттук статистика комитети 11 айдын баштапкы жыйынтыгын чыгарган соң жарыялады.

Мындай көрсөткүч эгемен Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет болуп жатат. Өкмөт 2024-жылга ИДПны 1 трлн 259 млрд сом деп пландап жатат.  Кыргызстандын ИДПсы соңку жылдары 4-5% темп менен өсүп келсе, 2020-жылы пандемиялык кырдаалдан улам тескерисинче 8,4% чейин түшүп кеткен. 2021-жылы 6,2%, 2022-жылы 7% өсүш менен чыкты. Адистер бул эки жылдагы көрсөткүчтөр 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу төмөндөп кеткен экономиканын фонунда көп көрүнүп жатканын белгилеп келет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости