www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. «Назарньюс» маалыматтык порталынын билдиргенине караганда, Ош шаарында аттестациядан өтпөй калган 12 мечиттин имамдары болду.
Маалыматка ылайык, аттестациядан өтпөй калгандардын арасында үч диний окуу жайдын жетекчилери да бар. Айрым мечиттердин имамдары мындай чечимге макул болбой, шаардык казыятка нааразылык билдиришти. Казыят кайсы мечит имамдары алмаша турганын тактаган жок.
Буга чейин өлкөнүн бардык аймактарындагы мечиттерди атайын кызмат текшерип чыккан. Август айында Ош облусунда 60тай мечит-медресе убактылуу жабылган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg