www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акчасыз калган  Зеленский АКШдан кайыр сурап жүрөт

Владимир Зеленскийдин Вашингтонго сапары АКШнын Конгресси келерки жылы Украинага бөлүнө турган жардамды талкуулай турган маалга туш келди. Байдендин администрациясы Украинага курал-жарак жеткирүү үчүн Конгресстен 60 миллиард доллардан ашык каражат сураган. Конгресс ушул күнгө чейин бул боюнча мыйзам долбоорду карай элек. Республикачылар Украинага жардам берүүгө каршы эместигин билдирип, ошол эле маалда бюджетте миграциялык саясатты катаалдатуу чараларын бекитүүнү талап кылып жатышат. Өз кезегинде муну демократтар кабыл албай келатышат.

Орусия Украинага кол салгандан бери украин президенти АКШга эки жолу барган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости