www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин четиндеги “Дордой” базарында ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзүп, коррупциялык схеманы уюштурган деген шек менен кармалган Мамлекеттик салык кызматынын беш кызматкери жумуштан алынды. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, тиешелүү буйрукка Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов кол койду. Мекеме укук коргоо органдары базарларда салык чогултууга жооптуу болгон салык органдарынын кызматкерлеринин мурдагы жылдардагы ишине талдоо жүргүзүп жатканын кошумчалады.

“Салык кызматы бүгүнкү күндө салыктык башкарууну жакшыртуу жана ишкерлер менен байланышты азайтуунун алкагында “Дордой” базарындагы бардык кызматкерлерин чыгарды”, - деп айтылат маалыматта.

11-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети салык төлөөдөн качуу фактыларына байланыштуу “Дордойдо” салык чогултууга жооптуу болгон беш салык кызматкери кармалганын маалымдаган. Аларга “ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзүп, коррупциялык схеманы уюштурган” деген айып коюлууда. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, бул схема кеминде беш-алты жыл туруктуу иштеген.

УКМК билдиргендей, “Дордой” соода-базар комплексинин бир базарынын аймагында 600дөн ашык соода жайлары болсо, салык 400 гана ишкерден түшүп турган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен иш козголуп, териштирилип жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости