www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл саркынды суулардан сакталабы?

 Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети мамлекеттик органдардын Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча аткарып жаткан иштери тууралуу маалыматын укту.

Бул багыттагы маалыматтар менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Самат Жантелиев тааныштырды. Ал Чолпон-Ата шаарында жаңы тазалоочу курулманы куруу үчүн анын техникалык экономикалык негиздеме даярдоо багытында Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен долбоор даярдалып жатканын тактады. Ал Тамчы айылында да тазалоочу курулмаларды курууга долбоор даярдоо үчүн республикалык бюджеттен 15 млн сом каралганын айтып, бул боюнча эл аралык донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдады.

Депутат Султанбай Айжигитов Чолпон-Ата шаарынан сырткары Каракол жана Балыкчы шаарларынын тазалоочу курулмаларынын курулушун сурап, анын каржылоосун сурады. Каржы министринин орун басары Руслан Татиков аталган шаарлардагы тазалоочу курулмалар үчүн 2019-жылы Азия өнүктүрүү банкы 41,8 млн доллар каражат бөлүп бергенин, анын 12,8 млн доллары грант катары, калганы насыя түрүндө алынганын билдирди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости