www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова калтырып кеткен «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде Маданият министрлигине ЖМКга каршы 77 арыз түшүп арызчылардын ордосуна айланып баратат.

«Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда,  бул арыздар кайсы бир ЖМКга чара көрүү же бөгөттөө максатында жазылган. Кайсы бир сайтты же ЖМКны жабуу боюнча Маданият министрлиги чара көрөт. Мыйзам Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жалган маалымат таратты деп табылган сайтты соттун чечимисиз эле эки айга жаап салууга укук берет. Ал кабыл алынгандан бери канча фейк аккаунт же баракча аныкталып, бөгөттөлгөнү тууралуу маалымат жок.

Бул документтин негизинде “Азаттыктын” сайты дээрлик тогуз айдай бөгөттөлүп турду. Клооп, 24.kg, “Политклиника” басылмаларына чыккан материалдарга каршы арыз түшкөн учурлар да болду. Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам менен ушул тапта Клооп порталынын кыргызча жана орусча сайты бөгөттөлүп турат. Үч кайрылуу боюнча kloop.kg жана nazarnews.kg сайттарынын ишин эки айга токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Министрлик nazarnews.kg боюнча чыккан чечимин кайра кайтарып алганы белгилүү болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости