www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айтматовдун Ысмайылы абакта 24 жыл отурган

Чыңгыз Айтматовдун “Бетме-бет” повести Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылынын тургуну, согуш качкыны Ысмайылдын жашоосунун бир үзүмү. «БЕТМЕ-БЕТТЕГИ» ЫСМАЙЫЛ АБАКТА 24 ЖЫЛ ОТУРГАН. Чыгарма жаралган соң Ысмайыл Айтматовго “сен мени бүт дүйнөгө тааныттың. Менин улуу балам аскер кызматын өтөп жүрөт, кийинки балам дагы агасынын жолун жолдойт. Мен качкын болгонум менен балдарым андай эмес” деп кат жазат.

Мекенибизде “бардыгы жеңиш үчүн!” деген ураан өкүм сүргөн 1941-45-жылдар аралыгы. Мылтык кармаганга жарамдуу жигиттердин баары согушка кетип, айылда кемпир-чал, кыз-келиндер калышкан. Согушка чакырылган Ысмайыл майданга жетип, бирок аман калышынан күмөн санап айылына качып келет. Жолдошун үйүндөгү ороого жашырып баккан Сейде жаш баласы, карыган кайненеси менен көп кыйынчылык тартат. «Эл шекшип калабы» деген коркунучтан улам Ысмайыл айылдан алыс жайгашкан үңкүрдү түнөк кылып, күн кечирет. Жаш баласы менен Сейде күнүгө үңкүрдө жаткан Ысмайылга тамак ташыйт. Ансыз да ачкачылык каптап кыйынчылыкка дуушар болуп турганда, Ысмайылдын кошунасы Тотой аттуу аялдын ую уурдалат. Чиедей балдарын эптеп сүт менен багып жаткан Тотойго бул окуя тоо урагандай болду. Бул уурулук Ысмайылдын колунан келген эле. Ооруп жаткан энеси о дүйнө салып, эл аны жерге жашырып жатканда да Ысмайыл качкындыгынан бир кочуш топурак сала албайт. Үңкүргө бара жаткан Сейденин артынан элдик комиссариаттын кызматкерлери аңдып барып, Ысмайылга ок атышат. Ошентип, фильм Ысмайылдын өлүмү менен аяктайт.

Үңкүрдүн сырты Таластан, ичи Кеминден тартылган. Анткени Таластагы үңкүрдүн ичи тар экен. Ал эми үйдүн ичи Ташкенттеги өзбек фильмдин имараттарынын бири. Айыл тууралуу айта турган болсок, Таласта согуш мезгилиндеги айылдарга окшош Ак-Бейит деген айыл бар экен. Болгону, ал жерде көп жылдардан бери эл жашабай калыптыр. Фильмге тартылуу үчүн кошуна айыл тургундарын алып келип, атайын гонорар төлөп берип тартышкан.

Тасмада Сейде менен укмуш сүйүшкөн жерибиз деле жок. Ошентсе да үңкүрдө жатып алып кызгалдактар арасында кол кармашып айланган жаш кезин элестеткен. Ошол жерин тартарда айланма чыгырыктын үстүнө дагара коюп, Сейде экөө анын ичине түшүп, ылдый жактан тегеретип турушкан.

Апасын эл көмүп кеткенден ки­йин айлуу түндө топурак кучактап ыйлаган жери бар.  Ысмайылды аткан элдик комиссариаттын аскерлеринин бирин Абдымалик Шерматов ойногон. Аскерлер Ысмайылды төшкө атышты. Төш жагында көйнөктүн ичинде жука резинкага сыр куюлган болчу. Мылтык атылганда колундагы кнопканы басса, резинка жарылып, кан жайыла берет.

 Киного тартылган топ Ысмайылга жолугуу үчүн үйүнө барыптыр. Алар барганда 82 жаштагы ал киши аттан жыгылып, буту сынып жаткан экен. Узун бойлуу, чапжаак, сүйлөгөн сөзүнө караганда айтканынан кайтпаган адам көрүндү. Ысмайылдын айтуусу боюнча, согушка барганда эч кандай даярдыгы жок эле колдоруна мылтык карматып немистердин алдына тизишиптир. «Немистердин замбиректерин көргөндө эле качтык» дейт. Казак-кыргызы аралаш 5-6 адам чогуу качышкан. Качып баратып өлүп жаткан немистердин тамак-ашын, кыскасы, өздөрүнө керектүүлөрдү ала кетишкен. Кайык, поезд менен эптеп Кыргызстанга келип, өзүнүн айылынын четиндеги бир үңкүргө жашынган экен. Кинодо көргөзүлгөндөй, Ысмайыл чын эле бул жашоодо аты чыккан ууру болуптур. Ал бир да жолу бирден уй же бирден кой уурдаган эмес. Кошуна айылдардан үйүр-үйүрү, короо-короосу менен кой, жылкы айдап келип бир-экөөсүн өзү жесе, калганын элге таратып берчү экен. Согуштан качкандыгы, согушка чейинки уурулугу үчүн соттолуп түрмөгө отуруп келген. Бирок акыркы жасаган уруулугу үчүн көп жылга кетиптир. Ысмайыл аны төмөндөгүчө эскерген: “Жаныма жаш баланы алып туура эмес кылыпмын. Үңкүргө кеткенимде милициялар мени менен барган жаш баланы сабап, баарын айттырып алышыптыр. Ошондо түрмөдөн-түрмөгө которулуп отуруп, Карагандадан “пахан” болуп кайттым”. Кыскасы, ал киши баш-аягы 24 жыл отурган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости