www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Базарлар мамлекетке өтөбү?

"Дордой" ассоциациясына кирген базарларда жер тилкелеринин ижара акысы 50-60 пайызга чейин арзандады. “Кыргызстандагы базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү” деп айтылган. Митингдерди уюштурууга тиешеси бар адамдар аныкталып жатат. УКМК Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги менен жаңы салык саясаты боюнча кеңешме өткөрдү. Атайын кызмат тараткан маалыматта айрым чагымчыл күчтөр өлкөдөгү ири базарлардын соодагерлеринин митингдерин уюштуруу аркылуу коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу аракетин көргөнү айтылат.

УКМКнын жана Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине ири соода жана оюн-зоок борборлорунун чыныгы кирешесин, митингдерди уюштурууга тиешеси бар адамдарды аныктоо, Салык кызматында коррупцияны жоюу тапшырмасын берди. Андан тышкары базарда соодагерлерге шарт түзүү, соода жайларынын ижарасын төмөндөтүү демилгелери көтөрүлдү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости