www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рысбек Акматбаевдин тууганын ким аткан?

Ички иштер министрлиги  2008-жылы Чолпон-Ата шаарында кримтөбөл, маркум Рысбек Акматбаевдин тууганы Кубанычбек Коноевди атып кеткен деген шек менен эки киши кармалганын билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, иликтөө иш-чараларында 15 жыл мурдагы адам өлтүрүү фактысынын бети ачылып, мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү, 40 жаштагы К.А жана 54 жаштагы К.Н. камакка алынган.

2008-жылы 4-апрелде Чолпон-Ата шаарында прокуратуранын имаратынын жанынан белгисиз адамдар “Toyota Land Cruiser Prado” үлгүсүндөгү автоунааны автомат менен аткылап кетишкен. Машинеде 1955-жылы туулган Кубанычбек Коноев болгон жана ошол жерде жан берген. Ошол эле күнү Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылынын аймагынан шектүүлөр таштап кеткен “Ауди-100” үлгүсүндөгү автоунаа табылып, аны кароо учурунда автоматтын гильзалары, номуру өчүрүлгөн “Калашников” автоматы табылган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

ИИМ Кубанычбек Коноев уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү Нурлан жана Мирлан Коноевдердин атасы экенин кабарлады. Алар 2006-2007-жылдары киши колдуу болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости