www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин коррупцияга тиешеси бар экенин тастыктаган факты аныкталса, анда ал мыйзам чегинде жазасын алышы керек. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, пандемия убагында мыйзамсыз аракеттер боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнө карата бир нече кылмыш иши ачылган. Ал эми Абылгазиевге карата радиожыштыктар боюнча иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, бирок айыбы угузулган эмес.

"Менин иштегениме 10 эле күн болду, азырынча анын кылмышка тиешеси тууралуу маалыматтарды ала элекмин. Иш жүрүп жатат. Абылгазиевдин пандемия убагындагы мыйзамсыз иштерге тийиштиги бар болуп чыкса, жоопкерчиликке тартылышы керек. Экс-премьер азыр каякта экенин билбейм, анын иши менен азырынча тааныша элекмин", — деди Зулушев.

Эске салсак, буга чейин финансы полициясы Мухаммедкалый Абылгазиевдин өлкөдөн сыртка чыгуусуна тыюу салган. Эгер ал чет өлкөгө кетүүгө аракет жасаса кармалары айтылган. Кийинчерээк экс-премьер суракка чакырылган, бирок кайсы иш боюнча экени ачыкталган эмес.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости