www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Кореянын экс-президенти 90 жашында каза болду

Корея Республикасынын экс-президенти Жунг Ду Хван 90 жашында көз жумганын Ryonghap маалымат агенттиги билдирди.

«Мурунку президент Жунг Ду Хван шейшемби күнү каза болду. Ал 90 жашта болчу», — деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, октябрь айында 1990-жылы СССР менен дипломатиялык мамиле түзгөн Түштүк Кореянын мурдагы президенти Ро Дэ Вунун каза болгону белгилүү болгон. Ал 88 жашта болчу.

Эске салсак, 1979-жылы Юнг Ду Хван аскердик төңкөрүш жасап, Түштүк Кореяда бийликке келген. Ал 1988-жылы Ро Дэ Ву президент болгонго чейин кызматта калган. 1996-жылы Ро Дэ Ву жана Джун Ду Хван коррупция жана 1980-жылдагы көтөрүлүштү басуудагы ролу боюнча айыпталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости