www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам иретинде мезгил-мезгили менен коронавируска каршы вакцина берип турат. Бул туурасында Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин билдирди.
РИА Новости кыргыз-орус сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшү учурунда Мишустиндин айтканын жазды.
"Биз дайыма мезгил-мезгили менен Кыргызстанга гуманитардык жардам катары россиялык тест-система боюнча коронавируска каршы вакцина жөнөтүп турабыз", — деген ал эки мамлекеттин ортосунда болгон сүйлөшүүлөр учурунда.
Мишустин аны менен катар эле "COVID-19суз саякатта" санарип тиркемесин колдонуу жана бекитилген эрежелерди сактоо шартында авиарейстердин саны көбөйө тургандыгын белгилеген.
"Элди жапырт эмдөө чоң мааниге ээ. Бул боюнча сиздер менен Ереванда майда-чүйдөсүнө чейин сүйлөштүк. Бул пандемиянын токтотууга, эң башкысы адам өмүрүн сактап калууга жардам берет", — деген Мишустин.
Россия Кыргызстанга COVID-19га каршы вакцинаны бир нече ирет жөнөткөн. Анын соңкусун, 200 миң доза "Спутник Лайт" препаратын Россиянын ӨКМинин учагы менен 12-ноябрда жеткирип берген.
Булак: NazarNews.kg