www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти А.Ш. Атамбаевдин

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк Күнүнө карата

КУТТУКТООСУ

Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук башкы майрамы – Эгемендүүлүк Күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! 

Кыргызстандын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү Декларациянын кабыл алынганына быйыл жыйырма жети жылдын жүзү толуп отурат. Бул жылдар аралыгында биздин жаш өлкөбүз көптөгөн кыйынчылыктарга карабай, өнүгүү жолунда келатат. Арийне, мындай  татаал жолдо дагы эле болсо көйгөйлөрүбүз арбын, бирок сыймыктана турган иштерибиз да аз эмес!

Бул мезгил ичинде Кыргызстан акыркы жылдарда гана толук кандуу мамлекет катары калыптана алды, артта калган, кедей өлкөлөрдүн катарынан чыгып, бакубат жашоого жана туруктуу өнүгүүгө бет алдык.  

Жаңы эгемен тарыхыбызда алгачкы жолу тагдыр чечээр, масштабдуу улуттук долбоолорду ишке ашыра баштадык. Атап айтканда, элибиздин аргасын кетирип, узак жылдар бою башкаларга күнкор кылып келген Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылдык. Мындан мааниси түк кем эмес транспорттук көз карандысыздыкка жетишерибизге да, буюрса, аз калды, республиканын түндүгү менен түштүгүн бириктирген альтернативалык жолдун курулушу жүрүүдө, совет доорунан бери тамтыгы кетип, кароосуз калган жолдорду реконструкциялап чыгып, буга чейин болуп көрбөгөндөй, жаңы жолдорду курдук.

Белгилей кетерге татыктуу дагы бир маанилүү жетишкендик – Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүн чыңдоо багытында эбегейсиз зор иштер аткарылды. Мунун натыйжасында биз ар кандай тышкы коркунучтарга татыктуу каршы тура алган, согушка жөндөмдүү, мыкты камсыздалган армияга ээ болдук.

Тышкы саясат жаатында да позициябыз чыңдалды. Кыргызстан дүйнөнүн кайсы өлкөсү болбосун, тең ата сүйлөшө ала турган, өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын эл аралык аренада бекем коргой ала турган өлкөгө айланды.  Бул аткарылган иштер биздин өлкөнү кечээ жакында эле мамлекет боло албайт дегендердин кас үмүтүн биротоло таш каптырды.

Жогоруда айтылган жетишкендиктердин баарына биз Кыргызстандын элинин белсенген кайраты, күч-аракети, элибиздин сабырдуулугу жана даанышмандыгы менен жетиштик. Өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын чыңдоодо ар бир жараныбыздын кошкон салымы баа жеткис. Ошондуктан Эгемендүүлүк Күнү элибиздин жалпы улуттук улуу майрамы.     

Кымбаттуу мекендештер!

Биздин алдыбызда дагы көптөгөн максаттар менен милдеттер турат.  Өлкөбүз, элибиз аман болсо, арабызда тынчтык, биримдик менен ынтымак болсо, Кыргызстаныбызды өнүккөн, алдыңкы өлкөлөрдүн катарына сөзсүз кошобуз, Алдыга койгон максаттардын баарын аткарабыз. Бүгүн элибиз белгилеп жаткан улуу  майрам - Эгемендүүлүк Күнү  мына ушундай эртеңки күнгө болгон ишеним үмүттөр менен тыгыз байланышууда.

Жалпы элибизге, баарыңыздарга бекем ден-соолук бак-таалай каалайм! Ылайым арабыздан ынтымак кетпесин,  асманыбыз дайыма ачык болсун!

 Жараткан элибизге биримдик, жерибизге берекет берсин! 

Кыргыз Республикасынын Экс-Президенти А.Ш. Атамбаев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости