www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Роза Отунбаева КР ЖК депутаты Аида Салянованын соттук иши боюнча мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго КАЙРЫЛУУ жазды.

Төмөндө толугу менен:

“Революциядан кийинки оор жылдарда биз сиз менен биргелешип иштештик, өлкөдө мыйзамдуулукту орнотуп, мамлекеттик бийликке элдин ишенимин кайрадан жандандырдык.  Ийгиликти да камсыз кылганбыз. Ошондогу биздин иш-аракетибизге жараша азыркы тапта өлкөдө тынччылык жана сабырдуулук өкүм сүрдү, улуттар аралык биримдик бекемделди, ал эми Кыргызстандын жарандары цивилизациялык жол менен шайлоого катышууга үйрөнүштү, ошондуктан биз акылман жана сабырдуу мамлекет башчысын шайлап алдык деп ишенем.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Мен сизди мамлекеттин кызыкчылыгына берилген, мыйзамды жана адам укугун чын дилинен сыйлаган, принципиалдуу адам жана мамлекеттик ишмер катары билем.

Президентти жалпы эл тарабынан шайлап, биздин жарандар мамлекет башчыдан бардык негизги функцияларды аткарып, бийлик бутактарынын үстүнөн арбитр болот деп ишеним артат. Ошондуктан эл сизгеи акыйкаттыктын эң башкы булагы катары кайрылып, адам укугунун бузулганы калыбына келет деп ишенет.

Мен сизди коомчулукта кеңири талкууга ээ болуп жаткан Жогорку Кеңештин депутаты, экс башкы прокурор Аида Салянованын үстүнөн болуп жаткан сот процессин көңүлгө алууга чакырам.

Мыйзам адам укугуна—жарандык, кесиптик жана башка укуктарына кепилдик берет. Мыйзам гана жоопкерчиликти аныктайт. Мамлекеттин эң башкы функциясы—акыйкаттыкты камсыз кылуу.

Аида Салянова 2010-жылы мыйзамды кыйшаюусуз сактап, Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартып берген, узартпай коюуга анын мыйзамдык укугу жок эле. Ошол эле кезде Салянова башкы прокурор болуп турганда Елисеевге кылмыш иши козголгон, анын башчылыгы алдында прокурорлор соттордо ага каршы өзгөчө оор беренелер боюнча айып тагып келишкен.

Аида Салянованы адвокаттык лицензия берген деп айыптаган акылга сыйбаган жорук.  Андан дагы Елисеев лицензия берилгенден үч жылдан кийин айыпталып жатпайбы! Ошол эле Салянова юстиция министринен башкы прокурор болуп дайындалгандан кийин Елисеевдин үстүнөн болгон кылмыш иши аягына чыккан. Андан дагы ушул өкүмдүн негизинде “Альфа Телекомдун” (MegaCom соода маркасы) жүз пайыздык үлүшү мамлекеттин менчигине кайтарылып берилди.

Салянованын адвокаттары сотто анын күнөөсү жоктугуна байланыштуу гана эмес, сот процессинин акылга сыйбай тургандыгы тууралуу көптөгөн далилдерди берди. Мен алардын бирөөнү гана мисал келтирдим.

Сот акыйкат болуп жатабы?  Жок! Ленин райондук соту (судья Кубанычбек Касымбеков)  шаштыруу менен өтүлдү, тараптарга бирдей мүмкүнчүлүк берилбей, процессуалдык ченемдер бузулуу менен өттү.

Азыркы учурда болуп жаткан Бишкек шаардык соту, анда төрагалык кылган Ирина Воронцова, Салянованын саламаттыгы начар экенин доктурлар тастыктап турса  да, соттук териштирүүлөрдү тыкыс график менен коюп койду.  Врачтар Салянованын жүрөгүнүн эки катар дарты жана башка кардиологиялык дарттары бар дешти. Ошого карабай Воронцованын тапшырмасы менен прокурорлор коюлган дарттын анык-чынын текшерип, врачтарды сотко чакырып жатышат!

Булардын баары, Салянованын үстүнөн болгон сот процесси таптакыр мыйзамсыз болуп жатканын эч нерсени билбеген адам да туюп турат.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Жарандар юриспруденциянын майда-чүйдөсүн талдап-билүүгө милдеттүү эмес, бирок алар сот акыйкаттыгы, мыйзам үстүмдүгү орношуна ишеним артышы керек. Мына ошондуктан мен сизге эл алдында мамлекетте акыйкаттыктын болушунун кепили катары кайрылып жатам!

Ушул жылдары мамлекеттик бийик трибунадан сот системасындагы кризис, алардын кесипкөй эместиги жана коррупция тууралуу айтып келдик. Сот  реформасын жүргүзүү боюнча мыйзамдар бир жылдан кийин гана күчүнө кирет, ал эми адамдардын тагдырлары бүгүн , мына ушунтип акыйкатсыз, соттордун аралашышы менен чечилип жатат. Миңдеген адамдардын тагдырлары ошондой чечилип жатат.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Мен сизге сиздин аппараттагы адамдарга Салянованын үстүнөн болгон сот иштерин калыс жана акыйкат иликтеп чыгууга тапшырма берсеңиз экен дейм. Бул биздин өлкөдө президенттин көзөмөлү алдында мыйзамдуулук кайра калыбына келе турганына байкаларлык далил болуп берет. Адамдын укугу жана эркиндигинин бузулушуна эртең эмес, дал бүгүн бөгөт коюлсун!

Сиздин бир иштеги принципиалдуулугуңуз жана мыйзамдуулугуңуз соттор корпусуна багыт берип, башка миңдеген  сот иштерине мисал болоруна мен ишенем! -деп жазат кайрылууда экс-президент Роза Отунбаева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости