www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын мурунку президенти Петр Порошенко аны камакка алуу алдында өлкөнүн аймагынан чыгып кетти. Бул тууралуу “Московский комсомолец” басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ 12-мартта Украинанын Мамлекеттик тергөө бюросу Петр Порошенкону суракка чакырган. Бирок, кайсы иш боюнча экенин такташкан эмес.

Буга чейин тигил же бул статуста 16 кылмыш ишине тиешелүү деп айтылган.

“Московский комсомолец” кечээ кечке маал “ушактар боюнча”, бирок “99,9 % чындык” деген ишеним менен сурактын жыйынтыгында Украинанын экс-президентин камакка алуу үчүн кандайдыр бир айыптар коюлмак. Бирок, мурунку президент өлкөнүн аймагынан чыгып кетти.

Басылма билдиргендей, Петр Порошенконун жактоочулары мурунку президент кайсы өлкөгө учуп кеткенин билишпейт.

“Порошенконун Марбельяда вилласы бар экенин билебиз. Бирок Испания азыр коронавирусту жуктургандардын катарына кирет. Сыягы, Порошенко ушуну каалап жатат окшойт-ал өлкөгө келген күндө дагы, аны суракка эмес, обсервацияга же изоляцияга жиберишет”,-деп басылма кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости