www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 17-мартта Тбилиси шаардык соту Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилини төрт жарым жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу “Mtavari” басылмасы жазды.

Соттук отурумга Саакашвили өзү келбегени белгиленген. Грузиянын “TV Pirveli” телеканалынын маалыматына караганда, өкүмдүн жарыяланышы сот залында ызы-чуу жаратып, натыйжада экс-президенттин тарапкерлери бөлмөдөн чыгарылды.

Мезгилинде издөөдө жүргөн Михаил Саакашвили Грузияга 2021-жылдын 29-сентябрында жашыруун келген. Саясатчы 1-октябрда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынган.

Ушундай эле айыптар дагы төрт соттолуучуга коюлган.

Михаил Саакашвили депутат Валери Гелашвилини сабаганы жана банк кызматкери Сандро Гиргвлианиди өлтүргөндөрдү кечиргени үчүн алты жылдык абак жазасын өтөп жатат. 2022-жылдын май айынан бери саясатчы Тбилисидеги “Vivamedi” жарандык клиникасында дарыланып жатат.

Үстүбүздөгү жылдын 12-мартында Грузиянын соту Михаил Саакашвилини мамлекеттик казынадан 9 миллион лари (2,9 миллион доллар) жеп алган деп 9 жылга эркинен ажыраткан. Ал мамлекеттик каражаттарды өз муктаждыктарына жумшаган деп айыпталган.

Өкүмдөр жарым-жартылай кошулгандыктан, Михаил Саакашвили 12 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Грузиянын мурдагы президентинин тарапкерлери жана укук коргоочулары ага тагылган айыптарды саясий куугунтук деп эсептешсе, Евробиримдик Михаил Саакашвилини саясий туткун деп тааныды.

Мухаммад Ходиев, Ташкен

Последние новости