www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Владимир Зеленский Украина эч кандай шартсыз 30 күндүк ок атышууну токтотууга даяр экенин билдирди.
"Бирок аны ишке ашырууга өтүү үчүн Орусия шарттарды коюуну токтотушу керек. Биз муну президент Макрон менен да талкууладык", - деп жазды украин президенти Telegram баракчасына франциялык кесиптеши менен Орусия Федерациясы менен мүмкүн болгон элдешүүнүн шарттары тууралуу телефон сүйлөшүүсүнөн кийин.
Макрон менен Зеленский башка сүйлөшүулөр менен катар Украина үчүн ачык коопсуздук кепилдиктерин биргелешип түзүүнү талкуулашты. "Бул маселе боюнча Франциянын позициясы абдан конкреттүү жана биз аны толугу менен колдойбуз", - деп белгиледи украин лидери.