www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун штаммдарынан сырткары, Кыргызстандын лабораторияларына 50 миң ПЦР-тест тапшырылганы белгиленди.

Германия коронавирустун Кыргызстандагы штаммдарын аныктоо үчүн реагенттерди алып берди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 14-майда, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен, Германия менен Россиянын эл аралык адистери менен жолуккан.

"Үстүбүздөгү жылдын 10-майында Кыргызстанга германиялык бир нече окуу жайлардын медицина өкүлдөрү келишкен. Адистер Кыргызстандын лабораторияларынын кызматкерлерин штаммдарды аныктоого окутуп жатышат. Эми жардам катары берилген реагенттер Кыргызстандын аймагында коронавирустун штаммдарын аныктоого жардам берет", — деп айтылат маалыматта.

Жабдыктан сырткары, лабораторияга 50 миң ПЦР-тест тапшырылган. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Германиянын элчиси менен эл аралык адистерге Кыргызстандын Cаламаттыкты сактоо системасына көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости