www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка Нью-Йорк штатынын Башкы прокуратурасы өзүнүн Трамп уюмунда каржылык көз боёмочулук кылган деп айыптады. Тиешелүү документ 21-сентябрда Нью-Йорк штатынын Жогорку сотунун электрондук маалымат базасына келип түшкөн.
Жарандык доо арызды штаттын башкы прокурору Летития Жеймс берген. Айыпталуучулар Трамптын өзү, анын балдары Дональд кичүү, Эрик жана Иванка, Трамп уюмунун мурдагы каржы директору Аллен Вайссельберг жана анын жардамчысы Жеффри МакКони. Прокурорлор айыпталуучуларды 2011-жылдан 2021-жылга чейин Трамптын жылдык каржылык отчетторун ашыкча же азыраак чагылдырган схемага катышкан деп айыптоодо.
«Трамп жана анын уюму бул жалган жана адаштыруучу маалыматты банктарды эң ыңгайлуу шарттарда насыя берүүгө түртүрүү үчүн бир нече жолу колдонушкан», - деп айтылат доо арызда.
Wall Street Journal доо арыздын жарандык мүнөзүнө карабастан, айыпталуучулар бир катар кылмыш мыйзамдарын бузган деп айыпталып жатканын белгилейт. Мындан тышкары, алар АКШнын федералдык мыйзамын бузган болушу мүмкүн. Прокурорлор соттон айыпталуучуларды 250 миллион доллар айып төлөөгө жана Трамп менен анын балдарына Нью-Йорк штатында катталган ишканаларды иштетүүгө тыюу салууну талап кылууда.
Трамп сот жараянын «бүбү-бакшы аңчылыктын» дагы бир мисалы деп атады. Өзүнүн «Чындык» социалдык тармагында ал губернаторлукка талапкер болгон штаттын башкы прокурорун республикачыларга каршы туруу үчүн «өз өнөктүгүн курган алдамчы» деп атады.
Булак: NazarNews.kg