www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев ээлик кылган "Апрель" ТВ директору Дмитрий Ложников президент Сооронбай Жээнбековду келип маек берип, суроолорубуз көп, жооп берип кетсеңиз деп плакатка жазып алып, чакырык жасады.

Президенттин азыр балким колу бошобойттур, ага чейин Экс-президент Алмазбек Атамбаевди чакырып:

- Учактагы 40 адамдын өмүрүн алган кандуу жүк кимдики?

- Мамлекеттен уурдалган миллиард акчалар кайда?

- Эмнеге сиз президент болуп турганда тышкы карыз эки эсеге өстү?

- Мамлекеттин карызы өсүп жатканда, кайсы кереметтер менен сиз "долларовый мультимиллионер" болдуңуз?

- Эмнеге "миллиондоруңуздун" булактарын ачык көрсөткөн эмессиз?

- ТЭЦке мен жооп берем деп айттыңыз эле, ал жактан миллиондор уурдалыптыр, аларды ким алган?

Деген суроолорго, Сооронбай Жээнбековду койо туруп, кожонуңар, экс-президент Алмазбек Атамбаевден жооп алып берсеңерчи?

Р.S . Айтмакчы Апрель ТВ деген Жээнбековду шыбаган каналды кайсыл акчага каржылап жатасыз? - деген да суроону берип кой Атамбаев мырзага Дима!

Бул тууралуу журналист Дайырбек Орунбеков жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости