www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин экс-спикери Дастан Жумабеков Борбордук шайлоо комиссиясына 2021-жылдын 28-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңешке боло турган шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырды. Учурдагы депутат жана мурунку спикер Талас облусундагы №20 Манас шайлоо округу боюнча талапкерлигин кое турганы белгилүү болду.

Талапкер бир мандаттуу шайлоо чөлкөмү боюнча партиянын атынан же өз алдынча талапкерлигин кое алат.

Эске салсак, Кыргызстанда баш аягы бир мандаттуу 36 чөлкөм бар. Ар биринен талапкерлер чыга алат. Шайлоого катышуу үчүн документтер 13-октябрдын кечки саат алтыга чейин кабыл алынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости