www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президенти Владимир Путин 7-октябрда 69 жашка толот. Туулган күнүнө карата иш пландары бар. Бул тууралуу өткөрүлгөн брифингде мамлекет башчынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Журналисттер Кремлдин өкүлүнөн Путин өздүк майрамында эмне кыларын кызыгып сурашты. "Менин билишимче, анын туулган күнүнө карабай, бул күнгө карата иш пландары бар", - деди Песков.

"Баардыгына маалым болгондой, ал (Путин) көп учурда мамлекеттик иш-чараларды өткөрөт (туулган күнүндө)", - деп кошумчалады президенттин басма сөз катчысы. Анын айтымында, кечинде мамлекет башчы өздүк майрамын үй-бүлөсү жана достору менен белгилейт. “Учурда ал өзгөчө бир изоляцияда эмес” деди Песков.

Путин акыркы туулган күнүн жумуш чөйрөсүндө өткөргөн. Песков президенттин ошол күнгө пландалган ондон ашык эл аралык телефон сүйлөшүү болгонун, бирок кечинде президент үй-бүлөсү жана достору менен "адаттагыдай эле" жолукканын четке каккан жок. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости