www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупциялык байланыштын негизинде Канат Исаевдин жубайы банкир Жамила Исаева вице-спикерша болду. Андан тышкары Талант Мамытовдун орун басарлары 2019-жылы «Ата-Мекен» фракциясынан депутат болгон Нурбек Сыдыгалиев менен «көмүр королу», СДПКчы Улан Примов вице-спикер болушту. Баса, Канат Исаев дүркүрөп турганда ал өкмөттөгү сотторду башкаруучу директордун орун басарына чейин жеткен. «Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт» Канат Исаев маска кийип жашынып Жамиласы таңшый баштады. Чыңгыз Айтматовдун «Жамила» повести ага атак алып келген. Ал эми белгилүү саясатчы Канат Исаевге да Жамила Исаева атак алып келчүдөй. Жамила Исаева Канат Исаевдин көрөр көзү катары банктарда бажырайып акча эсептегенди сүйчү. Бирок банкирлерге караганда сот тармагында иштегендер жакшы табарына көзү жеткен соң өкмөттүн сот тарабын мыкчып кармап келген. Эми жубайы Канат Исаевдин депутат катары ышпалдасы чыгып калган соң, депутат болууга жулунуп «Ата-Журт-Кыргызстан» партиясынан парламентке депутат болуп келди. Үлкөн саясатчы Канатбек Исаев жүргөн жерде чөп чыкпайт. Ал саясий карьерасын Бакиевдин бийлиги учурунда баштаган. Акылбек Жапаров тууганы Каркыра боюнча илинчекте турары бышык, ал эми Исаев Токмокто мэр болуп турганда шаардын чегиндеги жерлерди атасы Шабдандан ашып түз эле казактардын колуна карматкан. Бул тууралуу кылмыш иши козголуп, байлыктын күчү менен Исаев сүттөн аппак,таптаза чыккан. Ал эми шаардан алыс узабай темир менен тосулган 2000-3000 миң метр жерге кашат орнотулган. Бул кашат Жапаровдун жери экен дешип көргөн адамдар баш чайкашат. Шабдан 40 байталга кыргыз жерин казакка бергени угулуп калды, ал эми Канат Исаев канча байталга Токмоктун чек арасындагы жерлерди берди экен? Бийлик алмашканда Токмоктун мэри аны сураганы келе жаткан элден качып, дубалдан секирип кеткени бышык. Бирок, «хамалеончо» өңүн өзгөртүп түз эле Бабановдун «Республика» партиясына кирип, жанын сактап калган. Бабанов партиянын штабын жетектеген Канат Исаевдин жүргүзүп жаткан былык иштерине нааразы болуп  куугунтуктаганда Чүй облусуна губернатор болуп кетип, 2015-жылы Шакинин «Кыргызстан» партиясын баштап келатып, тууганы Каныбек Иманалиевди тоңколоткон. Бабановдун куугунтуктаганына карабастан 2017-жылы чоң мансап үмтөтүп Бабановду колдогону үчүн бир топ камакта жатып чыкты. Бабановду саткандай эле Атамбаевди сатып анын экс-президенттик укугун алуу үчүн Жээнбековго желдет болуп жүрдү. Жээнбековду сатып, эми «Кыргызстанды» Шакиси менен кошо сатып депутатка талапкер болгон. Тууганы Жапаров менен тил табышып, талапкердиктен баш тартты.

Исаевдин чоң атасы Иса орусча Иусус еврей. Иусус еврейден бир нерсе жукканбы же кыргыздын өтө акылдуусубу, таң?! Жапаров тууганы менен тил табышып депутаттыктан талапкерин алды. Канат Исаевдин аталары Тынай, анын энеси Дархан, атасы Түлкү. Түлкү менен Үчүке Жаңылды алганы барып, анын жаасына кабылып күм-жам болушат. Түлкүнүн энеси каардуу кемпир экен, күйөөсү Сарысейитттин тилин албай Дарханды кетирет. Дархан бешиктеги баласы Тынайды эмизип жатып Үчүкенин үч баласы күн көрсөтпөйт го деп Таласка кетип башка күйөөгө тийет. Ошол үчүн Солтонбай ырчы Тынайдын балдарын мазактап: «Түшүмдү алгын таруудан, энеңди алгын Саруудан» -деген.

Тынай өзү менен калсын, Үчүкенин Дөөлөткулунан Жапаров  министрлер кабинетин жетектеп калды. Анын көзү тууганы Тынайдын баласы Канатка түшкөндүр. Канат Исаев кайсы кызматка барат эми көрө жатарбыз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости