www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17-январдан тарта Кыргызстандын Орусиядагы өкүлчүлүгү жана консулдук мекемелери Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрүн каттоо (алмаштыруу) маселелери боюнча жарандарды кабыл ала баштайт. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы кабарлады.

Айдоочулук күбөлүктү алмаштырып берчү мекемелер:

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугу;

Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы башкы консулдугу;

Элчиликтин Владивосток шаарындагы канцеляриясы;

Элчиликтин Иркутск шаарындагы канцеляриясы;

Элчиликтин Красноярск шаарындагы канцеляриясы;

Элчиликтин Санкт-Петербург шаарындагы канцеляриясы;

Элчиликтин Сургут шаарындагы канцеляриясы;

Элчиликтин Южно-Сахалинск шаарындагы канцеляриясы;

Элчиликтин Якутск шаарындагы канцеляриясы.

"Москва шаарындагы элчиликте кабыл алуу шейшемби жана бейшемби күндөрү алдын ала жазылуу боюнча жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Кабыл алууга жазылуу үчүн [email protected] электрондук дарегине төмөндөгүлөрдү көрсөтүү менен арыз жөнөтүшүңүз керек.

Аты-жөнү;

Туулган айы, жылы, күнү;

Арыз берүүчүнүн байланыш телефондору;

Арыз берүүчүнүн Орусиядагы дареги (область/шаар);

Кайрылуу себеби (жарактуулук мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу айдоочунун күбөлүгүн алмаштыруу, анын ээсинин жеке маалыматтарын өзгөртүү, бузулуу же жоготуу).

Бул маалыматты камтыбаган арыздар каралбай турганы эскертилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости