www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 26-январда экс-вице-премьер-министр Аида Исмаилова Финансы полициясына суракка келди.
Маалыматка ылайык, Аида Исмаилова Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын имаратына саат 8:55те кирген.
Белгилей кетсек, кечээ 24-январда Аида Исмаилова Кыргызстандагы коронавирус пандемиясы учурунда гуманитардык жардамдын таркатылышын иликтөөнүн алкагында саат 9:30да суракка чакырылганы кабарланган.
Кошумчалай кетсек, коронавирус пандемиясы учурунда Кыргызстанга гуманитардык жардам жеткирүү боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев шектүү катары өтүүдө. Бул иш боюнча күбө катары экс-премьер-министрлер Мухаммедкалый Абылгазиев, Кубатбек Боронов дагы күбө катары суракка чакырылган.
Булак: NazarNews.kg