www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сыймык Жапыкеев сыяктуулар Кубанычбек Жумалиев сыяктуу элди ичип-жеп байыган адамдарды кустуруп, элге жакшылык алып келебиз дешип, кээ бирөөлөрдүн ишенимине кирип алышкан. Октябрда болгон башаламандыктан улам ойдо жок кезде «Чоң казат» партиясы жылдыз болуп жана баштады. Аларда үчүнчү күчтөрдөн агылып жаткан акча каражаты түбүнө жетип калган, октябрдагы чыр-чатактарды ой-да пайдаланышты. Жөө жүргөн Сыймык Жапыкеев кымбат баалуу машина минип башкы прокурорду басып алат. Бирок аны финполду жетектетип коюшат. Анын чачпагын көтөрүп жүргөн Мамытканов вице-премьер болуп өз билгенин жасай баштайт. Ал эми таланты менен ааламды жапыра баштаган Курмангазы Азыкбаев өзүн казактын атактуу Курмангазысынан ашып, маданият министрлигин басып алат. Аны өз оокатыңды кыл дешип айдап чыгышат.
Бийлик алмашкан соң «Чоң казат» партиясы өз возуйпасын аткардыбы? Элге эмне жакшылык кылды? Башкасын койолу 250 миң долларга рэкеттик кылган Мелис Аспеков 50 миң сомун Сыймык Жапыкеевге бердим деп көрсөтмө берди. Деги Сыймык Жапыкеевдин курсагы качан тойот? Элди алдаса болот деп тигини кылдым, муну кылдым дегени менен кысыр эмди тай союп учасын Садыр Жапаровго тартып, финполду түбөлүккө ээледим деген ой менен, ар кимди коркутуп-үркүтүп капчыгын калыңдатып жатат. Мамытканов Максат «Манастан Чубак кем бекен» деген принцип менен Бабанов «Жер үйдү» досу Бажановго алып берип 20 пайызын ээлеп жыргап жатат деген ой менен «Жетим» кенине көз артып, ушул кенди басып алам дегенде эки көзү төрт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg