www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен тарткан жол... Ошентип мен Белорусияга карай аттандым. Убакытты өтүшү менен абада калкып нечендеген ойлор мени жеңип, кыска убакыттын аралыгында Минскиде болдум. Минск шаарына барганымдын негизги максаты КРнын мурдагы президенти Курманбек Бакиев менен жолугушуу эле. Учактан түшүп шаарга кирип келдим. Шаардын тазалыгына, жаңыдан тургузулган имараттарды сөз менен жеткире албаймын. Арадан аз убакыт өтпөй мен сыймыктанган, урматтаган КРнын эск-президенти Курманбек Бакиев менен жолуктум. Экс-президентти алдында сүрдөгөнүмдү... Курманбек Салиевичдин ар бир сөзүндө кыргыз эли менен сыймыктана тургандыгын, кыргыз эли үчүн Кыргызстан үчүн күйүп турганын байкадым... Кандай айкөл адам...

Курманбек Салиевич менен сүйлөшүү учурунда көөдөнүмдөгү ачуу кыйкырыктар жүрөгүмдү эзип жатты...

/КУРМАНБЕК САЛИЕВИЧ, БИЗ СИЗДИ БААЛАП - БАРКТАЙ АЛБАДЫК.../ - деп ...

Курманбек Салиевичке айта албаган сөздөрүмдү кагаз бетине жазууга туура келди... "Мезгил деген зымырык куш экен. Курманбек Салиевич сиздин Кыргызстандан кеткенизге 8 жылдын жүзү болуптур. Ачуу чындык бийликти алмаштырганы менен даңкка, улуулук - менен сулуулукка, мамлекетибиз өсүп-өнүгүп элибиз жыргап жашап кеткенибиз жокпуз. Баягы эле аткаминерлер... баягы баягы Байгожонун чириген таягы.

Бетин табактай кылып Ак үйдө курсагын салаңдатып олтурган аткаминерлер. Кыргызстандыктар көр оокаттын айынан чет өлкөгө тынымсыз сүрүлүп чыгып жатат. Бийликтегилер менен карапайм калк өзү менен өзү. Болгону сиз Кыргызстандан чыгып кеткенден кийинки жаңылык, мурдагы президенти Алмаз Атамбаев, сизди бийликтен кулатканга жардам берген "душмандарыңызды" темир тор артына тыгып берди. 2010 - жылы төңкөрүштүн алдыңкы катарында турган Өмүрбек Текебаев, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов темир тор артына кетсе, Роза Отунбаева, Топчубек Тургуналиев, Азимбек Бекназаровдордун саясаттын "чийип - чийип" жок кылып салды. Караңыз Курманбек Салиевич, сиздин "душмандарыныздын" баары ойрон болуп өз ордуларын таап кетиптир. Баарынан да Бакиевдерди мал - мүлкүн жокко чыгарып чоёктогон, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын учурдагы абалы баарыбызга белгилүү болуп турат. Бир суроону бергим келди.

"Курманбек Салиевич сиз Алмазбек Атамбаев экөөңүздөр дос эмессиздерби? Анткени сизди бийликтен алып түшкөн душмандарыңызды саясаттан жок кылып берди", деп.

Тилекке каршы суроону бергенден айбыктым. “Тың кишинин душманы көп болот”, деп айтчу аксакалдар. Сиз тың болчу элеңиз душмандарынызда көп болчу, душмандарыңыз сырттыңыда болду. Курманбек Салиевич, сиздин алдыңызда сүрдөп айрым айта албаган каалоо тилигимди ак кагаз бетинде жаздым. Адамдын өмүр жолунда өйдө - ылдый, тар жол, тайгак кечүүлөр көп болот тура. Жеңиштин жолун издеп табуу өтө кыйын. Кыйын кезеңдер кимдердин гана башынан өткөн эмес. Бир эле мисалга айтсак, Исхак Раззаков кыргыз эли үчүн өз өмүрүн сайып, кыргыз элин камын ойлоп, ак дили менен эмгектенгенде деле каз-катар тизилген душмандары көп болгон экен. Убакыттын өтүшү менен тарых баарын таразалады. Сиздин дагы атыңыз тарыхта калат деп ишенем. Сиз оөтө жакшы адамсыз. Сизди сүйгөн кыргыз калкыңыз бар. Ылайым эле өмүрүңүз узун болсун. Кыргыз элине кайтып келип жомоктогудай өзгөрүүгө туш болуңуз. Мен сизди чоң саясатта кайрадан көргүм келет. Аллах Сизди Кыргызстанга кайра кайтып келишиңизди насип этсин. Жараткандын ар бир күнү сиздин жашооңузга нур чачыратып турсун. Кыргызда: Абирдүү азап тартса, акмак кубанат деген кеп бар. Чоң чыр менен келген бийлик деле абийир тапкан жок. Андыктан жакшылыктан үмүт үзбөңүз. Сизди кудайым колдосун. Омийин.

Сизди сыйлап урматтаган уулуңуз Улукбек

Макала Аскат Тейиттин Фейсбук баракчасынан алынды

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=932339700255954&id=100004397983100

Булак: NazarNews.kg

Последние новости