www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Искендер Төрөбаевич, мандатыңыз, кызматыңыз кут болсун демекчибиз. Сиз Өмүрбек Чиркешовичтин ордуна келдиңиз да?

--Кудайдын буйругу экен, тилекке каршы, мен депутат болуп,фракциянын лидери Өмүрбек Текебаевдин ордуну келдим. Эми саясатка келсек, “Ата Мекен” партиясы менен “Улуттар биримдиги” саясый партиясынын ортосунда келишим болгон. Ошол келишимдин негизинде мен “Ата-Мекен ” саясый партиясынын тизмесине киргенмин.

--Анда сиз “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү эмес, “Улуттар Биримдиги” партиясынын мүчөсү турбайсызбы?

--Ооба, “Улуттар Биримдиги” саясый партиясынын мүчөсүмүн.

--“Ата Мекен” фракциясы оор кырдаалда турганда депутат болуп келдиңиз, сизди кандай кабыл алышты? Кандай саясый күндөрдү башыңыздан кечирип жатасыз?

--Мени фракциянын депутаттары жылуу эле кабыл алышты. Алар менен кеңешип, бардык ишти кылдаттык менен карап, чогуу иш алып баруудабыз фракция менен биргеликте тыгыз иштөөгө аракеттер бар. Парламентте иш жүргүзүү маселесинде биздин ортобуздагы келишимдин негизинде фракциянын чечимдери саясый кызыкчылыктары менен иштеймин. Партиялык өнүгүү, партиянын иштерин жүргүзүү боюнча “Улуттар биримдиги” саясый партиясынын катарында калам. Себеби, ал партиянын саясый кеңешинин мүчөсүмүн.

--Өмүрбек Чиркешович камакка алынгандан бери жолугуша алдыңызбы, ден соолугу кандай экен?

--Өмүрбек Чиркешович менен жолугушууга бардым. Абалы орто. Ал тажрыйбалуу, дасыккан саясатчы болгондуктан, анын жүзүнөн бир нерсе билүүгө мүмкүн эмес. Саясат тууралуу эмнени ойлонуп жатканын дагы байкай албайсың. Негизгиси оптимизм бар. Алдыга койгон максаттарына жетүү үчүн умтулууда. Камакта жатып жалгыз кылган иштери боюнча ойлонгон чыгар. Бул тууралуу кечээ эле жергиликтүү бир нече ММКлар пикирин жазып чыкты го. Азыр Өмүрбек Чиркешовичте пессимисттик ойлор такыр жок. Аны байкаган жокмун.

--Өмүрбек Чиркешович өкүнүчтөрү боюнча сиз менен ой бөлүшө алдыбы?

--Бул маселелер боюнча ээн-эркин ачык пикир алышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Бирок ар бир адам кандайдыр бир убакыт өткөндөн кийин өзүнүн кемчиликтерин сөзсүз ойлонот. Бул ой дагы ал инсанда болсо керек.

--Эгер жашыруун болбосо, жолугушууда эмне жөнүндө сүйлөштүңүздөр?

--Биз жолугушууда фракциянын иштерин, депутаттар менен биргеликте иш алып баруу тууралуу кеп козгодук. Өзүнүн фракция боюнча гана ойлорун айтып берди. Менин иштериме ийгилик каалап өзүнүн батасын берди.

--Текебаев менен кандайча таанышып калдыңыз эле?

-- Өмүрбек Чиркешович менен бирге III-чакырылаштагы депутат болуп иштегенден бери тааныймын. Бул кишинин адамгерчилигин баарынан жогору коёмун. Ошондуктан, анын партиясына кошулуп барууну туура көрдүм. Өмүрбек Чиркешовичти Кыргызстандагы көрүнүктүү саясатчылардын бири деп эсептейм.

--Кемчилиги жок дейсизби?

--Баарыбыз пендебиз, катачылык кетиребиз. Андыктан, бул кишинин дагы өз кемчиликтери бар.

--Апасы менен жолугуп келдиңиз. Апасынын абалы кандай экен?

--Өмүрбек Текебаевдин туулган күнү, апасын куттуктап келүүнү туура көрдүк. “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү кеңешип, апасы менен жолугушууга мени жөнөтүштү. Апасы мени абдан жакшы кабыл алды. Абалы жакшы экен. Апа экөөбүз 2-3 саат кеңири олтуруп баарлаштык, болгондо да саясат тууралуу маектештик. Өмүрбек Чиркешовичдин өмүр баянын, саясатта басып өткөн жолун толугу менен айтып берди. Өтө акылдуу, орундуу сүйлөгөн апа экен. Ушундан улам Өмүрбек Текебаевдин мыкты саясатчы болушуна апасынын ролу чоң экенин билдим. Аягында өзүнүн энелик мээримин төгүп, ак батасы менен мени жылуу узатты.

--Депутат Аида Салянованынордуна Клара Кабилова келет деп айтылууда. Бизге жеткен маалыматтарга караганда Клара Кабилованын үстүнөн Биринчи Май райондук РИИБ арыз түштү деп уктук. Кайра эле “АтаМекен” партиясынын үстүнө “кара булут” айланбайбы?

--Бул маселени биз чечпейбиз. Аны БШКнын жыйынында чечим кабыл алышат. Эң негизгиси азыркы кезекте Клара Кабилова турат. Бирок ага арыз түшкөнү туурасында маалыматым жок. Кабилова, партияга мындай иш пайдасы же зыяны тийерин өзү деле билсе керек.

--Шылуун Леонид Маевский менен Өмүрбек Чиркешовичти ким тааныштарган? Угушубузга караганда, Клара Кабилова тааныштырган турбайбы? Маалыматтарга караганда Клара Кабилованын фамилиясы, Самат Гульнара Клара болуп өзгөртүлүп тизмеге кирген дешет...

--Бул эки инсанды ким тааныштырганын мен билбеймин. Шайлоо маалында бул иш боюнча кеч тааныштык. Себеби, эки партиянын биригүүсү тууралуу чечим кеч чыгып калды. Биз, “Ата Мекен” партиясына кошулганда гана Клара Кабилова тиги партиянын тизмесинде бар экенин билдим. Бул айымды мурда БШКнын төрайымы болуп иштегенден гана билчүмүн. Андан кийинки иштери тууралуу билбейт экенмин. Бул айым Россия жергесинде дагы иштегендиктен биздин мамлекеттеги иштери тууралуу толук маалыматым жок. Анан да фамилиясы башка экенин шайлоо убагында гана уктум.

--Максим Бакиев, Клара Кабиловага заманбап үй сатып бергени чынбы?

--Бул инсандардын бири-бирине болгон мамилесин билбейм. Алар ким менен мамиле түзөт өздөрүнүн кызыкчылыгы...

--Азыркы тапта саясатчылар коркок болуп калышты. Сиз саясатта коркок эмессизби?

--Мен чындыкты бетке айтып, элдин кызыкчылыгын колдоймун. Корко турган нерсем жок. Саясатка аралашкандан ушул күнгө чейин иштеп эле келе жатам. Саясатта сөз сүйлөбөй же унчукпай койсо эле аны коркок экен деген нерсе болбогон кеп.

--Мелис Мырзакматов менен жакын эмессизби? Азыр ал кайда жүрөт, байланышып турасызбы?

--Ал менин кудам болот. Аны менен болгон мамилемди саясатка аралаштыргым келбейт. Ал киши тууралуу кандай гана маселе болбосун көтөрүүнү туура көрбөйм. Негизи эле көпчүлүк учурда маек бербеймин.

--Кесиптештериңиздин көбү парламентте туура эмес иш алып барууда, ага сиздин пикириңиз кандай?

--Көпчүлүк эл, журналисттер трибунада кыйкырып сүйлөгөндөрдү “кыйын саясатчы” дей беришет. Мен буга кошулбайм. Кандай гана маселе болбосун аны фракция же комитеттин ичинде эл менен жолугушууда жекеме жеке деле чечип, керектүү мыйзам болсо комитеттин жыйындарында талкуулап көпчүлүккө сунуштасак болот. Ойлоймун ар бир депутат элдин керегине жараган мыйзамга салымын кошсо. “Мындай иш жасадым” деп, трибунада кыйкырып сүйлөөнүн кажети жок.

--КР президенти Сооронбай Жээнбеков жакында эле  Коопсуздук кеңешиндеги мамлекеттик аткаминерлерди каттуу сынга алды. Бул тууралуу эл арасында жана социалдык тармактарда каттуу талкуу болуп жатат. Сиздин пикириниз...

--Учурда элдин баары эле, президент укук коргоо органдардын жетекчилерин кызматтан бошото алабы деген ой-пикирлер айтыла баштаган. Менин оюмча  Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен күрөшүүгө духу жетет. Өз билемдик менен ар кимди кызматтан алганы менен майнап чыкпайт. Президентин койгон милдеттеринен кийин мамлекеттик кызматты аркалап турган жетекчилер керектүү жыйынтыкты өздөрү чыгарса керек.

--Кыргызстандын азыркы социалдык-экономикалык жана саясый абал сизди канааттандырабы?

--Канаатандырган жок. Бүгүнкү чиновниктер элдин мамлекеттин алдындагы жоопкерчиликти сезбегендиги болууда. Азыркы тапта жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча канааттанганым жок. Бул нерсенин баары Өкмөт өзүнүн программасы менен кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө ишке ашыруу керек. Мына ошондо гана эл бийликке ишенип, эл тарабынан нараазычылык деле болбойт.

--“Алманбет Шыкмаматовдун ордуна “Ата Мекен” фракциясынын лидери болуп Искендер Гаипкулов келет” деген кеп тарады. Эгер сизге ушул сунуш түшсө, фракцияны жетектеп бере аласызбы?

--Айтылган сөздөр тура эмес го. Себеби, бул партиянын түптөлүшүнө эч кандай салым кошкон эмесмин. Партиянын өзүнүн саясый кеңеши, партиянын тарыхын менден артык билген адамдар көп. Жөн жерден эле чыга калып “Мен лидер болом” деген туура эмес. Бул көрүнүш принципке дагы туура келбейт. Бул жөн гана журналисттердин арасында пайда болгон сөз. Андай маселе эч качан болгон эмес, эч ким дагы талкуулаган эмес. Депутат Шыкмаматов өз ордунда эле иш алып барууда. Ага карата болуп аткан иштер болгону үчүн гана мындай кептер таркатылып жатса керек деп ойлоймун.

--Баса, жакында эле эки аял алуу маселеси көтөрүлдү. Сизди капчыктуу адам катары тааныйбыз... Эки аял алганга кандай карайсыз?

--Бул тууралуу менин көз карашым туура эмес. Ар бир эркек үчүн эки аял алуу чоң көйгөй. Өзүн сыйлаган эркек бир эле аял менен жашайт. Кыскасы, мен эки аял алганга каршымын.

--Маекти саясаттан башка жакка бурсак, сойлоп журүүчү кайсы жаныбардан коркосуз?

--Бул тууралуу ойлоп көрбөптүрмүн...

--Буга чейин жомоктордо айтылып келген 7 баштуу ажыдаардын башын кескен жакшыбы же куйругунбу?

--Жети баштуу ажыдаардын куйругун кессең баары бир сага 7 башы жетет да. Ошондуктан, алгач ажыдаардын 7 башын кесүү керек.

--Дүйнөдө сизге эмне артык?

--Мен ойлоймун ар бир адам үчүн өз абийирин сактап калуу. Себеби, ар бир адамда абийирдүүлүк жашашы керек. Жаш кезекте баардыгында өрт болуп баарын жасайбыз десек, балалуу болгондон кийин үй-бүлөңдү ойлоп каласың. Мына ошондуктан менин абийирим балдарыма зыяным тийип калбасын дейм.

--Кайтар дүйнө же каргыш дегенге ишенесизби?

--Ооба сөзсүз түрдө. Ага ишенбесең деле көз менен азыркы учурда көрүп жатабыз. Кайтар дүйнө тээ илгери 40 жылда келет десе, азыркы күндө 40 күндө эле билинип калды.

--Көп учурда ММКларга маек бербейсиз...

--Чындыгында маек бербеймин. Бул көрүнүш маек бергенден же оюн айткандан  качуу эмес. Ийгиликтин көп айтыла бергени элдин кыжырын келтирет деп ойлоймун.

--Кечээ, 14-февраль сүйүшкөндөр күнү болуп өттү, жубайыңызга эмне белек кылдыңыз...Дегеле бул майрамга көз карашыңыз кандай?

--Мусулмандарда мындай майрам жок. Ошондуктан биздин үй-бүлөдө бул майрамды белгилебейбиз.

--Рахмат, ишиңизге ийгилик.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости