www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Райымбек Матраимовго тиешелүү соттук иштер тууралуу жактоочулардын сөзү:

2020-жылдын 20-октябрында Башкы прокуратура менен Райымбек Матраимовдун ортосунда кызматташуу боюнча келишим түзүлүп, ошол эле күнү ал келишим Биринчи май райондук соту тарабынан бекитилген. Кыргыз Республикасынын Кылмыш процессуалдык кодексинин (УПК) 496 беренесинин негизинде айыпталуучу менен түзүлгөн кызматташуу тууралуу келишим түзүлгөнүнө байланыштуу, айыпталуучуга тиешелүү сот жыйынын өткөрүү тартиби жана ага карата өкүм чыгаруу тууралуу токтом кабыл алынган.

Мамлекеттик айыптоочу отурумда айыпталуучунун сотко чейинки процессте кылмыштын бетин ачууда жана тергөөдө жардам көрсөткөн фактыларды (анын ичинде өзүнүн катыштыгы бар кылмыш иштери тууралуу маалыматтарды берүү фактысын), Н.Ражабалиевдин жана А.Боронбаевдин бетин ачкан фактыларды тастыктаган жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 2.000.009.635 (эки миллиард тогуз миң алты жүз отуз беш) сом төлөгөнүн тастыктаган. Ошол эле учурда Н.Ражабалиев менен А.Боронбаевдер тарабынан Р.Матраимовдун тергөө менен кызматташтыгынын натыйжасында төлөгөн 2.000.009.635 (эки миллиард тогуз миң алты жүз отуз беш) сомдон тышкары, 12 000 000 (он эки миллион) жана 8 000 000 (сегиз миллион) сом төлөнгөн. Ошентип, түзүлгөн кызматташуу тууралуу келишимдин шарттары Р.Матраимов тарабынан толугу менен аткарылган.

Бул квитанциялар Р.Матраимовдун 1.398.656.433 (бир миллиард үч жүз токсон сегиз миллион алты жүз элүү алты миң төрт жүз отуз үч) сом өлчөмүндө каражат төлөгөнүн тастыктайт. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн төмөндөгү объектилер мамлекетке өткөрүлүп берилген:

1)Бишкек шаарындагы Ахунбаев көчөсүндөгү, 190/2 үй, кв. 55, наркы 7.422.576 (жети миллион төрт жүз жыйырма эки миң беш жүз жетимиш алты) сомго бааланган.
2) Бишкек шаарындагы Ажыбек баатыр көчөсүндөгү, 1/1 үй, кв.20, наркы 9.636.360 (тогуз миллион алты жүз отуз алты миң үч жүз алтымыш) сомго бааланган.
3) Бишкек шаарындагы Абдырахманов көчөсүндөгү, 137-үй, кв. 66, наркы 4.427.000 (төрт миллион төрт жүз жыйырма жети миң) сомго бааланган.
4) Бишкек шаарындагы Жал кичи районундагы 29-үй, 45/2, кв. 52, наркы 6.758.276 (алыт миллион жети жүз элүү сегиз миң эки жүз жетимиш алты) сомго бааланган.
5) Бишкек шаарындагы Коперник көчөсүндөгү, 61-үй, кв. 21, наркы 4.818.495 (төрт миллион сегиз жүз он сегиз миң төрт жүз токсон беш) сомго бааланган.
6) Бишкек шаарындагы Жал кичи районундагы 29-үй, кв.3/3, наркы 4.009.050 (төрт миллион тогуз миң элүү) сом.
7) Бишкек шаарындагы Сүйүмбаев көчөсүндөгү, 142-үй, кв. 114, наркы 2.621.808 (эки миллион алты жүз жыйырма бир миң сегиз жүз сегиз) сомго бааланган.
8) Бишкек шаарындагы 7-кичи районундагы 52/3-үй, наркы 14.644.933 (он төрт миллион алты жүз кырк төрт миң тогуз жүз отуз үч) сомго бааланган.
9) Аламүдүн районундагы Лебединовка айылынын Энергетиктер шаарчасындагы, №10-үй, кв. 30, наркы 2.014.704 (эки миллион он төрт миң жети жүз төрт) сомго бааланган.
10) Бишкек шаарындагы, Жибек-Жолу көчөсүндөгү 381-үй жана Ибраимов көчөсүндөгү жер тилкелери, наркы 545.000.000 (беш жүз кырк беш миллион) сомго бааланган.

Бул объекттердин наркы сот эксперттери тарабынан аныкталган, ага тиешелүү документтер (том 9, 81-136) бекитилген. Мамлекетке өткөрүлгөн каражаттын жалпы саны 601.253.202 (алты жүз бир миллион эки жүз элүү үч миң эки жүз эки) сомду түзгөн. Булардын негизинде Матраимов Райымбек Ысмайылович мамлекетке жалпы 2.000.009.635 (эки миллиард тогуз миң алты жүз отуз беш) сом төккөн.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш процессуалдык кодексинин (УПК) 496 беренесинин 2 пунктунун негизинде кызматташтык боюнча түзүлгөн келишимдин шарттарын айыпталуучу толугу менен аткарганын мамлекеттик айыптоочулар тастыктайт.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш процессуалдык кодексинин (УПК) 496 беренесинин негизинде кызматташтык боюнча түзүлгөн келишимдин шарттарын айыпталуучу толугу менен аткарган соң айыпкерге жаза берүү үчүн өкүм чыгарылат, жана ал учурда айыпталуучунун кылмыштын бетин ачууда көрсөткөн кызматташкандыгы эске алынат. Кызматташтык боюнча түзүлгөн келишимдин шарттарынын негизинде 5-категорияда айып төлөнөт. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин (УК) 68 беренесинин негизинде физикалык жактарга 5-категорияда жаза колдонулат. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин (УК) 319 беренесинин негизинде айыпталуучуга жаза дайындоо мыйзам чегинде болот.

Кылмыш ачылып, келтирген зыяндын өлчөмү 2.000.000.000 (эки миллиард) сомду түзгөнүн тергөөчүлөр тарабынан эсептелингенин, бардык келтирилген зыяндын орду толугу менен толтурулганын эске алып, келишимдерге кол коюлган шарттарга ылайык сотко чейинки өндүрүштүн негизинде мүлктөргө салынган арестти сот толугу менен жокко чыгарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости