www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Надя, классикалык музыкага болгон сүйүүң качан ойгонгон?
- Классиканы бала чагымдан жакшы көрөм. Сегиз жашымда “Лебединое озеро” деген жагымдуу музыканы уктум. Музыканы угуп жаткан маалда катуу ойго батып, ошону менен классикага болгон кызыгуу, сүйүүм ойгонсо керек. Кийин карьера жасаганымда да ырдап жүрдүм. 2006-жылы Мария Калластын чыгармачылыгына кызыгуум арткан.
- Ал эмне болгон кызыгуу эле?
- Мария Калластын сахнада ырдаганын, клиптеринин DVD дисктерин сатып алып, келээрди кечке укчумун. Вокалдан сабак берген мугалимиме классикага, операга болгон кызыгуумду айтып, кошумча сабак алууну сурангам. Жарым жылдан кийин менде баары ишке ашты. Азыркы тапта да экспериментим уланууда.
- Сени карап олтуруп менде мындай ой пайда болду. Сен Мария Калласка окшош экенсиң.
- Ооба, бир аз окшоштук бар. Буга чейин мындай пикирлерди угуп келгем. Мария белгилүү, улуу опера ырчысы. Ал менин классикага болгон сүйүүмдү ойготуп, мага ишенимди тартуулады.
- Балким, сага операнын сахнасына чыгууга убакыт келгендир?
- Биринчиден, мени ал жерден эч ким күткөн жок. Экинчиден, баардык нерсенин өз убактысы бар. Эгер чыгыш керек болсо, анда сөзсүз операнын сахнасына чыкмакмын.
- Менин билишиме караганда өспүрүм курагында апаң сени таштап, Италияга иштеп кеткен ээ...
- Ооба, анда мен он алты гана жашта болчумун.
- Апаң кеткенден кийин өз алдынча жашоого өттүң беле?
- Мен кичине кезимден эле өз алдынча, азаттыкты сүйгөн жанмын.
- Азаттыкты сүйүү табияттан берилет эмеспи... же апаң сени ушундай кылып тарбиялады беле?
- Менимче бул нерсе табияттан. Апам мага эч нерсе берген эмес. Болгону мага аял күчтүү болуш керек экендигин көрсөткөн. Апам базарда иштечү, бизнес менен алектенип кадимки-бизнес-леди.
- Сендеги лидерлик сапаттар апандаң калганын айтсак болобу?
- Айтыш кыйын. Төртүнчү класска чейин мен абдан жоош кыз элем. Класс жетекчим мени “периште” деп атачу. Эч кимге тийишчү эмесмин. Андан кийин эле мага жигиттер көз сала башташты. Мен абдан тез өстүм. Бирок, өзүмө эч кимди жолотчу эмесмин. Балдар менен мушташчумун.
- Убакыт келип, сүйүүгө кабылып, эрте эне болуу бактысына ээ болдуң...
- Игорь төрөлгөндө мен жыйырма жашта болчумун.
- Ошол маалда эне болууга даяр белең?
- Ички туюмумда абсолюттук түрдө даяр болчумун. Мен алдын ала пландагам жана кыялдангам деп айта албайм. “Мен эч качан күйөөгө чыгам” деп ойлогон эмесмин. “Үй-бүлөлүк жашоом кандай болот? деп көп ойлончумун.
- Жалгыз бой эне болуу сага коркунуч жараткан эмес беле?
- Эмнеге жалгыз бой эне? Мен анда жалгыз болгон эмесмин. Жанымда сүйүүктүү адамым болгон. “Эгер аял жарандык никесинен төрөсө жалгыз бой эне деп аталабы?” Образдуу айта кетсем, паспорттогу штамп-ал нике эмес.
- Жарандык никеде жашоо Игорьдун атасы экөөңүздөрдүн принципиалдуу позицияңар беле?
- Ал убакта эмнеге андай болуп калганын азыр айтуу кыйын. Балким, мен ал адамга абдан ишенген элем. Балким, балким, өзүмдү абдан күчтүү, өз алдынча, тарбиялуу жана баламды бага алгандай сезимде болгом. Мына ошондуктан, мен ал адамдан же ал менден кетип калаарынан корккон эмесмин.
- Уулуңдун жарык дүйнөгө келиши менен сенде дүйнөгө болгон көз караш өзгөрүлдүбү?
- Албетте! Жоопкерчилик пайда болду. Өзүмдү толук түрдө аял экенимди сезгем. Уулумду төрөп жашоонун маңызы эмнеде экенин түшүнгөм. Эне болуу менен бийик тоону да жылдырса болот.
- Балдарың азыр кайда жашайт?
- Мишанын уулу жана кызы бар. Алар Петербургда жашашат. А биздики Игорь жана Аня менин апам жана бала багуучум менен Киевде турушат.
- Сенде Петербургда жашап калуу тууралуу ойлор болгон эмес беле?
- Сен билесиңби, мен бул нерсени каалабайм. “Виа гра” тобу менен гастролдоп бул шаарга көп келчүбүз. Ар бир айда келгенде бир эле клубда жана ырларыбызды жатка билген адамдар үчүн гана ырдачубуз. Бизди абдан жылуу кабыл алышчу. Адамдык сөздөр менен сүрөттөгөндө шаар мага абдан жакчу. Мен анын сулуулугун, эстетикасын, күмүш түсүн түшүнчү эмесмин. Кийинки күмүш кылымда Питерди түшүндүм. Бирок, Киевден кетип калсам, мен абдан кыйналам.
- Эмнеге кыйналасың?
- Канча бир убакыт Киевде жашап мен өзүмдү өз үйүмдө жашагандай сезем. Мен айылда төрөлүп өскөм. Айылда өзүмдү абдан эркин сезчүмүн. Үйдөн чыгаар замат талаа, чөптөр, шаркырап аккан суулар сулуулук берип, эч бир чек жок болчу. Таң эрте уйларды талаага айдап, кечинде кайтып келгенде тосуп, короого киргизип камап, апам үч литрлик банкаларга помидор, бадыраң жапса мен да кол кабыш кылаар элем. Киевде жашаганымдан бери айылга барганга убакыт абдан тар болуп калды.
- Надя, сенин менен баарлашып отурсам, мен үчүн жалгыздыктан коркпогон адамдай сезилдиң...
- Жалгыздык- бул абдан жаман нерсе деп айтышат. Менин пикиримде жалгыздыктын да өз жыргалы бар. Ал сага жаңы нерсени жасоого, жаратууга өнүгүүгө, ырдоого, ыр жазууга, сүрөткө түшүүгө мүмкүнчүлүк берет. Кичине кезимде чөптөрдүн үстүнө жалгыз жатып алып ар түркүн кыялдарга батып, аларды ишке ашырууга далалат кылып, өзүм менен өзүм сүйлөшө берчүмүн. Өзүм менен өзүм болуу мага абдан жакчу. Азыр да бул нерсе менде бар.
- Жалгыздыкты жакшы көрсөң, досторуң барбы?
- Мендей адамдарга алар абдан деле маанилүү жана керек эмес. Мен улуу адамдар менен баарлашууга, тажрыйбалуу, күчтүү айымдар менен сыр бөлүшүүгө муктажмын. Дайыма өзүмдөн улуу адамдар менен сүйлөшчүмүн. “Виа града” жүргөнүмдө дагы элдин баары мени калган кыздардан улуу айымдай карай беришчү. Бирок, мен башка айымдардай болуп сырткы келбетиме эмес, ички дүйнөмө көңүл буруп, анализ жасаганды жакшы көрөм. Китептерди көп окуйм.
- Айта кетсең, сенин бүгүнкү күнүң өзүң каалагандай жакшыбы?
- Ооба. Баары абдан жакшы. Кайсы бир учурда менин жашоом туңгуюкта экенин сезгем. Бирок, анын баарын жеңип алдыга жылса болоорун түшүнгөм. Чыгармачылыгымды дагы өнүктүрүшүм зарыл. Эгер эч ким ишенбесе да, алдыга гана кете берүү менин максатым.
- Уулуң Игорь азыр 15 жашта эмеспи. Ал сага мүнөзү жагынан окшошпу же тап такыр башкачабы?
- Ал мага абдан окшош. Кээде аны карап олтуруп кимдир бирөөгө окшоштуруп, аны эстеп коём. Мен анын эмне тууралуу ойлоноорун, кайда бараарын, эмне кылаарын билем. Кыскасы, менин уулум чыгармачыл инсан.
Маржан Назарбаева, NazarNews.kg