www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, биздин редакцияга өзүнүн арыз-муңу менен бөлүшүү максатында келген айым баш бакты. Атын сыр кылууну суранган каарманыбыз жолдошун ырчы айымга тарттырып, балдары менен кайгырып олтурганын айтып берди. Жолдошу аскер кызматында жигердүү эмгектенип, жогорку наамга чейин ээ болуп азыркы тапта майлуу-сүттү жерде эмгектенип, КРнын Эмгек сиңирген артисти аты таанымал ырчы айым менен ойноп баштаганын ачык айтты.

Жада калса, жолдошу ырчы айымдын чыгармачылыгын колдоп, ага ыр жаздырып, клип тарттырып бергенин кошумчалады. Каарманыбыз жолдошун ал ырчы айым менен ойноп жүргөнүндө кармап алып, кийин ачык сүйлөшүүгө чакырганда келбей качып жүргөнүнөн ЖМК аркылуу жар салып издөөнү туура көрүптүр.

Учурда жолдошу ойношунан баш тартса да, ага байланышка чыгып бир нече талаптарды коюп жаткан ырчы айымдан кутулуунун амал-жолун издеп жаткан каарманыбыз биздге эле эмес, бир нече редакцияга баш багып, ырчы айымды коомчулукка жар салууну максат кылып жүргөн чагы...

Аруужан Булекбаева

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости