www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында Түштүк жергесинде Кыргызстанга белгилүү куудул Тынар Курбаналиев 8-март аялдардын эл аралык майрмына карата, “Мен уялам, силер уялбай концертке келе бергиле” аттуу жаңы программадагы концертин тартуулайт. Өзүнүн берген маалыматына карганда “концертти аяш аваларым” жактан баштаймын” дейт, Тынар Курбаналиев.
--Тынар мырза, азыр социалдык тармактардагы ар кандай талкууларга өзүңүздүн пикириңизди айта кетсеңиз? Алсак, депутат Камчыбек Жолдошбаевдин “уялганын”, Дастан Бекешовдун мыйзамы тууралуу жана көп аялдуулук маселеси...
-Менин депутаттарга, депуттардын мага такыр тиешеси жок. Менин алар менен ишим жок, алардын дагы мени менен иши болбой эле койсун. Кээ бир саясатчылардын айткан сөзүнө кылган ишине маани бербеймин. Анткени мен өзүмдүн деңээлимди араң көтөрүп жатканда, кайра алардын деңгээлине өзүмдүкүн түшүрүп алгым келбейт. Маршурутка жүргөндөн же жөө баскандан уялбайм, мен эл талкуусуна калып деңгээлимди түшүрүп алгандан уялам. Социалдык тармактагылар мени эмне деп сындаса сындай берсин, эл оозунда элек жок, ар бир адам өз оюн айтканга укуктуу. Баш мыйзамда ошондой жазылган. Мен мыйзамды сыйлаган адаммын. Апам мени “элдин уулу бол” деп айткан, эл мени эмне деп айтса ошону көтөрөмүн. Эки аял, үч аял дегендерге эч нерсе дей албаймын, мүмкүнчүлүгү шарты болсо бага алса ала берсин. Кыздарыбыз никесиз бирөөдөн төрөгөнчө, динден түшүнүгү бар, балдар төрөлө бергени жакшы.
--Өзүңүздүн оюңузда эки же үч аял алуу барбы?
--Мүмкүнчүлүгүм болсо, үй-бүлөм руксаат берсе...
--Уруксаат бербесечи?...
--Уруксаат бербесе айла жок бирок “ай лав ю”. Албетте бербесе үгүт иштерин жүргүзүүгө туура келет....
--Демек оюңузда бар экенда...
--Ооба бар. Албетте тамаша...Уй-бүлөөм менен бактылуумун.
-Рахмат.
Булак: NazarNews.kg