www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы президенттик күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиев, 16-март күнү 60 жашка толуп Минск шаарында чоң той берди. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, экс-президент Курманбек Бакиев юбилейдин башында туруп, алты бир тууган Жаныш Бакиевди куттуктаганы чогулушкан.
Жаныш Бакиевдин тоюна Кзакстандагы курсташтары, Россиядан, Ингушетиядан жана башка мамлекттерден эң жакын абройлуу достору келишкен. Баса сыйлуу коноктордун катарын Бакиевдердин “адвокаты” аталган Аскат Тейит дагы толуктаган.
Жаныш Бакиевдин юбилейи тууралуу кызыктуу маалыматты эртең, 19-март күнү Аскат Тейиттин берген маегин окурмандарга сунуш кылабыз.
Баса, мурдагы президенттик күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиевдин 60 жылдагы басып өткөн жолу жана өмүр баянына токтоло кетсек:
Алкыш. Сыйлыктары. Наамдары.
-1980-ж милициянын лейтенанты
-1983-ж милициянын ага лейтенанты
-1983-ж «Мыкты из кубар кызматкери»
-1986-ж милициянын капитаны
-1985-ж Кыргыз ССРинин ИИМинин "милициянын отличниги" төш белгиси
-1988-ж СССРдин ИИМнин "милициянын отличниги" төш белгиси
1989-ж Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун указы менен "Коомдук коопсуздукту сактоодогу мыкты кызматы үчүн" медалы.
-1990-ж милициянын майору
-1990-ж СССРдин ИИМнин ведомстволук медалдары
-1994-ж милициянын подполковниги
-1995-ж 10 жыл каармандык менен кызмат кылгандыгы үчүн
-1998-ж милициянын полковниги
-2006-ж генерал майор
-2009-ж генерал лейтенант наамы
- кылмыштуулук менен күрөшүүдө кошкон салымы үчүн
-15 жыл каармандык менен кызмат кылгандыгы үчүн
-20 жыл каармандык менен кызмат кылгандыгы үчүн
-1999-ж Кыргыз Республикасынын Президентинин указы менен Баткен окуясындагы кызматы үчүн "Ардак грамота"
-2000-ж Кыргыз Республикасынын Президентинин указы менен каармандык менен кылган кызматы үчүн төш белги.
-2010-ж КМШ жана чет өлкөнүн 43 төш белгиси
-Бир канча жолу КРдин ИИМнин Ош ОИИБнүн жетекчилиги тарабынан оор кылмыштардын бетин ачууда жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө кошкон салымы үчүн алкыш жарыяланган.
-ИИМде кызмат кылгандан тартып бир канча жолу чет өлкөдө жана СССРдин шаарларында билимин жогорулатуу курстарын бүтүргөн
-2001-2007 "уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү укуктук суроолор жана аны ишке ашыруудагы комплекстүү иш алып баруу" темасында кандидаттык диссертациясын жактаган
-Маркум Жусуп Бакиев менен бирге 2005-жылдын август айында "Эмгек жана Биримдик" республикалык партиясын түзгөн демилгечи жана партиянын саясий кеңешинин мүчөсү болгон.
-Партиянын саясый кеңешинин чечими менен Жусупбек Бакиев кайтыш болгондон кийин “Жусупбек Бакиев” атындагы фондду түзүп жетекчиси Жаныбек Бакиев болгон.
-Мындан тышкары "Коопсуздук жана коомдук тартип" деген аталыштагы Кыргыз Республикасындагы аскер кызматкерлерине жана алардын үй бүлөөсүнө жардам берген фонд түзгөн.
Булак: NazarNews.kg