www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) химиялык цехтин курулушу долбоорлоо документтери жок эле башталган болчу.  Өкмөт цехтин курулушун 1-октябрга чейин бүтүрүүнү тапшырган. Тилекке каршы бул тууралуу Өкмөт тараптан үн-сөз жок болгондуктан NazarNews маалымат агенттиги жашыруун тасмага алдык.

Мына сага, кышкыга толугу менен даярдык жок десек болчудай. Алсак жашыруун алынган тасмада химиялык цехтин кабельдери суу астында калкып жатканын көрүүгө болот. Кыргызда “миң уккандан бир көргөн”, деген кеп бар эмеспи. Төмөнкү сүрөттөрдөн ТЭЦдин учурдагы абалын, Бишкек ЖЭБдин директору Андрей Воропаевдин кышка камылгасын көрүүгө болот.  

Алсак, 28-июлда Кубатбек Боронов ЖЭБге барып, химиялык цехтин курулушун быйыл 1-октябрга карата аяктоону тапшырган эле. Тилекке каршы, ташбака жүрүштүн жыйынтыгы менен эч кандай жыйынтык чыккан эмес.  

Алсак, химиялык цех үчүн Кытайдын TBEA компаниясы 6 миллион долларга жакын каражат бөлүнгөнү менен долбоорлоо документтери даяр болбогондуктан курулуш токтоп калган.

Баса, ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу көзүнө жаш алып, ЖЭБди ремонттоого 2015-жылдан бери акча бөлүнбөгөнүн айтып зар какшаган эле. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев модернизацияланган ишкананын ачылышына барганда аталган имараттын сырты эле оңдоп койгон ачыктаганы эсибизде. Бул көрүнүш менен кемпирди миң жасап койсоң кыз болбойт эле болуп эле калган.

Кыскасын айтканда, КР президенти Сооронбай Жээнбековду алдап, кызматынан кол жууп калбаш үчүн, ЖЭБ тарап Ак үй тарапка жакшы отчетун берип келүүдө. Алдыда кычыраган кыш. Жашыруун тартылган тасмалардан байкасак эшик менен терезеге зар болгон калдайган имараттын абалына мышык менен чычкан кошо ыйлап жиберчүдөй турат. ЖЭБдин имараттары азыр деле оңдоло элек.

Эске сала кетсек, ушул жылы 26-январда ЖЭБ жарылып кетип, шаардыктар бир топ жарыксыз калган. Жыйынтыгында ач көз, акчага тойбогон аткаминерлердин абийри ачылып, ЖЭБди оңдоого жумшалган 386 миллион ачыкка чыгып, жыйынтыгында  бир катар жетекчилер камакта жатат.

ЖЭБ модернизация иштерин TBEA компаниясы жүргүзгөн. Кыргыз тарап бул насыяны 100 миллион доллардан ашык пайызы менен кошуп, 493 миллион доллар кылып кайтарууга тийиш.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости