www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Мен “Кумтөрдү” 50 жылга чейин сомдун дагы, финансы системасын дагы кармай турган алтын булагы болсун деп максат койгом”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Эгемендүү Кыргызстандын туңгуч президенти, коомдук жана саясий ишмер, окумуштуу, илимпоз Аскар Акаев.
Аскар Акаев NazarNews маалымат агенттигине эксклюзивдүү маек берип жатып, кыргыз сомунун тарыхы жана “Кумтөр” алтын кенинин ишке кириши тууралуу кеңири айтып берген.
--“Мен “Кумтөрдү” 50 жылга чейин сомдун дагы, финансы системасын дагы кармай турган алтын булагы болсун деп максат койгом. Мына ошонун негизинде аракет кылып ишке киргиздик. Ошол максатка жетип, инвестор таптык, айткан убадасын бүт аткарды. 5 жылда куруп бүтүрөм деген, бирок 3 жылда эле бир кг алтын алып, 4 жылдан кийин 1997-жылы тонналап алтын ала баштады.
Ал жакшыбы, жаманбы иштетти. “Кумтөр” азыркыга чейин Кыргызстандын негизги максатын аткарып келе жатат. Башкысы сомдун туруктуулугун кармап, финансы тармагын бекемдеп койду. Ал эми экономиканы көтөрүү президенттин эң негизги милдети болуп саналат”, - дейт Акаев.
Кошумчалай кетсек, 1991-жылдын 12-октябрындагы жалпы элдик шайлоодо Аскар Акаев эгемендүү Кыргызстандын тунгуч президенти болуп шайланган.
Эгемен өлкөнү 15 жыл башкарып, бийликке нааразы болуп толкуган элге ээ боло албай 2005-жылы Россияга кеткен.
Учурда экс-президент МГУнун Пригожин атындагы татаал системаларды математикалык изилдөө институтунун башкы илимий кызматкери катары иштеп жүрөт.
Булак: NazarNews.kg