www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Биримдиги Ооганстанда миграциялык жана гуманитардык кризиске жол бербөө үчүн “Талибан” кыймылы менен диалог баштоого даяр. Бул тууралуу уюмдун тышкы иштер жана саясат боюнча өкүлү Жозеп Боррелл 17-августта Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин онлайн өткөн чукул жыйынынан кийинки пресс-конференцияда билдирди.

Ал талибдерди таануу же тааныбоо алардын мындан аркы иштерине жараша болорун белгилеп, биринчи максат кризиске жол бербөө экенин белгиледи жана министрлер жарандарды эвакуациялоо ишин тийиштүү деңгээлде уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилешкенин кошумчалады:

“Жыйындын негизги корутундусу – Ооганстандагы Европа жарандарын жана 20 жылдан бери биз менен кызматташкан, азыр өлкөдөн чыгып кетүүнү каалап жаткан ооганстандыктарды болушунча жакшы шартта алып чыгуу. Биз аларды таштап кете албайбыз. Аларды алып кетип, Европа мамлекеттеринде башпаанек берүү үчүн колубуздан келген аракетибизди көрүп жатабыз”.

Боррелл "Ооганстан эли азыр гуманитардык жардамга өтө муктаж болуп турат. Гуманитардык жардам эч нерсеге карабастан көрсөтүлөт” деп кошумчалады.

"Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын жарыялашкан. Мамлекет башчысы Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткен. Азыр анын кайда экени белгисиз. 

Булак:  NazarNews.kg

Последние новости