www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 17-августта таңкы саат 09:40 чамасында Карши шаарында бир топ кишилер самбо боюнча спорт чебери Элбек Рахимовго кол салышкан.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө бир топ киши белгисиз адамды сабап, андан кийин күч колдонуп унаага салып жаткан видео тараган. Кийинчерээк сабалып өлтүрүлгөн адам спортчу Элбек Рахимов экени аныкталып, сөөгү табылган.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (Атайылап киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү катары 7 адам аныкталып, анын ичинен 6 адам процессуалдык тартипте кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости