www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров "Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамына кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, фонд Кыргызстандын экономикасынын приоритеттүү тармактарында өзүн-өзү актаган долбоорлорду зайым берүү, капиталына катышуу жана башка финансы инструменттерин пайдалануу ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарба субъектилерин каржылайт. Буга байланыштуу Кыргызстан менен Өзбекстандын экономикалык кызматташтыгы, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, эки тараптуу кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу пландалууда.

Фонддун уставдык капиталы 50 миллион доллар, каражат Өзбекстан тарабынан салынат. Кийинчерээк уставдык капиталы 200 миллион долларга чейин жеткирилип, эл аралык уюм болору айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости