www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кумтөр” чыры менин убагымда эле башталган”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Эгемендүү Кыргызстандын туңгуч президенти, коомдук жана саясий ишмер, окумуштуу, илимпоз Аскар Акаев.

Аскар Акаев NazarNews маалымат агенттигине эксклюзивдүү маек берип жатып, кыргыз сомунун тарыхы жана “Кумтөр” алтын кенинин ишке кириши тууралуу кеңири айтып берген.

--“Кумтөр” чыры менин убагымда эле башталган. Азыр абдан күчөп кетти десем болот. 1993-жылы легендарлуу парламенттин убагында биринчи генералдык келишим түзүлүп, парламентте каралып, 1994-жылы негизги келишим кабыл алынган.

Ошондо парламентте аябай талаш-тартыш маселе жаралып, айрымдар каршы чыгып, ызы-чуу болгон. Инвестор бекер иштебейт, ал дагы бир пайда көрөйүн деп келет. Ошондуктан 1990-жылдарда депуттарга араң түшүндүрүп, тааныштырып чыкканбыз. Эл өкүлдөрү билгенде “А Кыргызстанга чоң пайда турбайбы” деп колдоп калышкан. Бирок ал учурда көп ызы-чуу болгон эмес.

Ал эми кийинки жылдары “Кумтөрдүн” тегерегинде чуулу окуялар абдан көп болуп жатат. Эки-үч жылдын ичинде эле келишимге каршы чыгып, же башка окуялар болгонун баарыбыз билебиз”, - дейт Аскар Акаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости