www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Афганистандагы бийликти колго алганын жарыялап, өзүнүн саясатын жүргүзүп жаткан «Талибан» кыймылы азырынча юридикалык күчкө ээ эмес. Бирок алардын союздаштары пайда болгонун ЖМКлар жарыялап жатышат. Басма сөз каражаттарында айтылган өлкөлөр — Россия, Кытай жана Пакистан.
Өлкөдөгү абал өзгөргөндө аялдарга болгон тыюуларга чочулап башташты. Афганистандын «Khaama News» басылмасы жарыялаган маалымат боюнча, аялдардын тобу Кабулдагы полиция участогуна чогулуп, аялдары келечектеги өкмөттүн курамына кошууну талап кылышкан.
«Талибандын» өкүлү Абдул-Хак Хемад «Tolo News» телеканалынын эфиринде журналист айым Бехешта Арганд узаткан суроого так жооп берген эмес. Журналист Кабулдагы согушкерлер жүргүзүп жаткан тинтүүлөр туралуу сураганда, Хемад телекөрүүчүлөрдү жаңы бийликтин келишине байланыштуу куттуктаган.
Ал эми журналист бул суроону кайталап узатканда, үйлөрдү тинтип жаткандар талибанчылар эместигин, алардын атына жамынган кылмышкерлер экенин айткан.
Андан кийин «Sputnik Afghanistan» басылмасы талибдерге жеке менчик жайларга кирүүгө тыюу салынганын жарыялады.
Ал ортодо Россия тарап талибдер менен олуттуу көйгөйлөр болбойт деп ишенет. Кечээ Россиянын Афганистандагы элчиси Дмитрий Жирнов кыймылдын өкүлдөрү менен жолугушкан. Ал «Россия 24» телеканалына бул жолугушуу элчиликтеги кызматкерлердин коопсуздугуна байланыштуу болгонун айтты.
Элчинин айтымында, россиялык дипломаттар Афганистандын мурунку бийлигинен эч ким менен байланышуу мүмкүнчүлүгү жок. Анын айтымында, министрликтер бош турат.
Афганистандын жаңы бийлиги менен Пакистандын байланышын карап көрсөк — Пакистан биринчилерден болуп «Торкхам» көзөмөл пунктун ачкан. Андан ар кандай товарлар жүктөлгөн жүздөгөн автоунаалар өткөрүлгөнүн «Tolo News» басылмасы жарыялады. Бирок Афганистан менен болгон азыркы байланыш тууралуу расмий маалымат айтыла элек.
Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги кечээ тараткан маалымат боюнча, «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү менен байланыш бар. Расмий маалыматта бул чек араны коргоону камсыздоо жана чек ара аймагындагы тынчтыкка байланыштуу экени айтылат.
Өзгөчө ролду Кытай ойнойт. Ал бир жагынан «Талибандын» режими менен кызматташууга даяр экенин билдирип, АКШны сындап жатат. Бир жагынан аскер иштеринде Россия менен кызматташкан Тажикстандын гаранты болууда. Ошондуктан, Тажикстанда бир убакта россия-тажик жана кытай-тажик аскер машыгуулары өтөт.
Тажикстан — «Талибан» менен байланыш түзбөгөн жана байланыш түзүүдөн баш тарткан Афганистандын жалгыз коңшусу.
Эске салсак, кечээ 17-август күнү кечинде талибдер Кабул шаарында алгачкы маалымат жыйынын өткөрүштү. Ал жакта 3 өлкө менен мамилеси «абдан жакшы» экенин айтышты.
Булак: NazarNews.kg