www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аскар Акаев 1990-жылдын 27-октябрында президент болуп шайланат. Ага куйрук улаш келаткан Насирдин Исанов премьер-министр болот. Ал кезде Кыргызстан компартиясын башкарып турган Апсамат Масалиев чүйлүк Апас Жумагулов менен нарындык Жумгалбек Аманбаевдин бут тосуулары менен президент болуп шайланбай калгандыктан, «тайм-аут» алыш үчүн ыңгайлуу кезди күтүп турган. Акаев президент болсо да, бийлик партиянын колунда болуп, Акаев так текедей секирип, бийликти толук алууга батына алган эмес. 1991-жылдын 18- августунда СССР президенти Горбачевду Форосто эс алып жүргөн жерден дымын чыгарбай коюшуп, бийликке ГКЧП келип 19-августунда элге жарыя кылат. Горбачев кокус Форостон келсе СССРге баш ийген союздук республикалар менен келишим түзмөк. 20 жыл өткөн соң Горбачев мойнуна алган ГКЧП тууралуу билген экен. Элдин айтуусунда ГКЧП Горбачев тарабынан кынапталып атайын жасалган. ГКЧП жеңсе Горбачев кайра СССРге президент болмок, жеңилип калса деле президент болмок. Мына сонун айла-амал.
1991-жылдын 17-мартында СССРде референдум өтүп элдин көпчүлүгү СССРди жашаганды каалаганын билдиришкен. СССРди калтыруу үчүн союздук республикалар жаңы келишим түзүшмөк. ГКЧП чыгарын атырылып вулкандай эле чыгышты. Бирок эч аракет кылбай коюшуп, анын үстүнө Орусиянын президенти болгон Борис Ельцинге маани бербей камабай коюшуп, жеңилүүгө дуушар болушкан. ГКЧПнын мүчөлөрү кимдер болушкан:
1. Янаев Геннадий Иванович (1937—2010) — СССРдин вице-президенти, 1991-жылдын 19 — 21 августунда СССРдин президентинин милдетин аткарган, КПСС БКнын мүчөсү.
2. Бакланов Олег Дмитриевич (1932—2021) —КПСС БКнын мүчөсү.
3. Крючков Владимир Александрович (1924—2007) — КГБнын төрагасы, КПСС БКнын мүчөсү.
4. Павлов Валентин Сергеевич (1937—2003) — СССРдин премьер-министри, КПСС БКнын мүчөсү.
5. Пуго Борис Карлович (1937—1991) — ИИМ министри, КПСС БКнын мүчөсү. (1991-жылдын 22 августунда кайтыш болгон).
6. Стародубцев Василий Александрович (1931—2011) —КПСС БКнын мүчөсү.
7. Тизяков Александр Иванович (1926—2019) — КПСС БКнын мүчөсү.
8. Язов Дмитрий Тимофеевич (1924—2020) — СССРдин Коргоо министри, КПСС БКнын мүчөсү.
ГКЧП учурунда суу жүрөк Аскар Акаев дымы чыкпай жашынып жаткан. Эгер ГКЧП бийликти алганда СССРди сактап калып, Акаевге окшогон демократ президенттерди дарга асып салмак. Качан Орусияга жаңы президент болгон Борис Ельцин баш көтөрүп чыга баштаганда гана Аскар Акаевге жан кирип кыймылдай баштаган. ГКЧПдан соң ал кездеги президентик аппаратты жетектеген Эднан Карабаев Аскар Акаев СССРдин президенти Горбачевко вице-президент болот экен деген ушак таратат. Муну менен бийликти толук бербей жаткан Апсамат Масалиевке каршы кара пиар башталат. Бул ошол мезгилдеги Кыргызстанда биринчи кара пиардын башталышы болгон. Горбачев Акаевди Янаевдин ордуна вице-премьер кылмак түгүл өз айласын таппай калган. Эгер СССР сакталып калса Акаевди эмес, бир славянды вице-премьер кылмак. Аскар Акаев ГКЧПнын жеңилгенинен улам компартиянын алсыздынан улам 1991-жылдын 11-сентябрында экинчи ирет президентке альтернативасы жок, жалгыз койот. Мурун бопбош жаткан дүкөндөр шайлоо күнү толуп калат. Азык-түұлүккө алданган эл аны шайлап беришет.
Ельцин ГКЧПга баш көтөргөн соң Акаев менен бирге КТР жетекчиси Сатыбалды Жээнбеков ГКЧПга каршы чыгат. Көп өтпөй Акаев менен келише албай Жээнбеков оппозицияга өтүп, парламентке депутат болот. Тарых тегирмени оңунан айланып, 1991-жылдын 19-августунда СССРди сактап калуу үчүн чоң аракеттер болгону эми белгилүү болууда. Саймередирелеп отурбай ошол коогалаңдуу күндө Ельцин баш көтөргөн соң чыккае Аскар Акаевдин билдирүүсүнөн бир сапты ак баракка кыстара кетели: "Биз чакан мамлекетпиз, бизде армия жок, бирок биз өзүбүздүн суверенитетибизди, өзүбүздүн эркиндигибизди коргойбуз. Бирок бизде армияга, куралданган танктарга жана самолетторго каршы тура алгыдай эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Биздин эркиндигибиз кандайча тебеленип жаткандыгын жана закондуу шайланган мамлекеттик бийлик кандайча кулатыла тургандыгын сиздер кантип тынч гана байкап турууга чыдай аласыздар?".
Август төңкөрүшү көздөгөн мүдөөсүнө жеткенде биз бүгүн кандай күндө жашамакпыз? ГКЧП жеңишке жетип, бийлик тизгинин колго алганда биз СССРдин курамында калып Ооганстанда талибандар бийликке келди деп Москваны карап жалооруп турмак эмеспиз. Аскар Акаев баш болгон нечен саясий ишмерлер абакка алынып, өмүрлөрү кыл учунда турмак. Демократияга жамынып алышып эл энчисин бөлүп алгандарга бут тосулмак. Эгер ГКЧП жеңгенде алардын чечимин кубаттап чыккандар бийликке келишмек. Кара башын калкалаган пенделер: биз оозубузду басып отурганыбыз оң болуптур деп, акылдуулугуна, билгичтиктерине таң берип, кудуңдап сүйүнмөк.
Биздей карапайым көрпенделерге августтагы саясий драманын түйүнү, анын СССРди сактап калабыз деген чечими эң туура болгонун жылдар өтүп түшүнүктүү болду. Анда биз эркиндик, демократия эмне экенин дале терең түшүнө элек болушубуз керек эле. Эгерде москвалыктар демократиянын очогу — Ак үйдү, демократиянын «генералы» Ельцинди сактап калбаганда СССР сакталып калмак. Кыргызстандын Акаевдин эркиндигин муунтуу анча деле кыйынчылыкка турбаса керек. Империялык түшүнүккө кишенделген ГКЧПнын танкына каршы акаевчилер баягы он алтынчы жылдагы союлун көтөрүп жүгүрмөк беле? Чынында кара жаалы ачыган элди байлыкка туйтунушкан демократтык күчтөр алдап кетишти. ГКЧПнын тилектери ишке ашпай август коогалаңында кээ бирөөлөр Акаевдин сунушу менен Өкмөттүк Жогорку сыйлыктарга, наамдарга көрсөтүлдү. 20-августтан 21ине караган коогалаңдын чечүүчү түнү Ак үйдө калган алты адамдын бири Жээнбеков болгон.
Коогалаңдын чечүүчү түнү Ак үйдө алты адам калган. Ал кездеги президент Акаев, вице-президент Г.Кузнецов, республиканын ички иштер министри Ф.Кулов, президенттин кеңешчиси Л.Левитин, президенттик аппараттын башчысы Э.Карабаев жана Кыргыз телерадиокомпаниясынын баш мүдүрү С.Жээнбеков. Көп жыл бою көңүлүбүзгө тынчтык бербеген суроо: Эгер Борис Ельцин болбогондо Аскар Акаев кандай жолду тандап алат эле? Балким Акаев ГКЧПнын чечимин колдоп чыкмак, анын тегерегиндеги алты адам кандай жолду тандап алат эле? А балким, президент ГКЧПга каршы чыккан үчүн калгандар аны кыя албай аргасыз эрдикке баш байлашкандыр.
Алдыбызга мындай асмандаган собол коюп, биз башка бирөөлөрдүн эрдигиме көлөкө түшүргүбүз келбейт. Тек гана биздин кесиптешибиз С.Жээнбековдун август коогалаңындагы эрдигине, чечкиндүүлүгүнө анализ берип көрөлүчү. Эмне үчүн биз алты адамдын ичинен С.Жээнбековго токтолуп жатабыз? Ал башкалардан айырмаланып кандай эрдикке барды? Айрыкча ГКЧПга каршы күрөштө чечкиндүүлүк көрсөткөн Кыргыз телерадиокомпаниясынын төрагасынын кийинки тагдыры кызык.
Жээнбеков ким - обончубу, дикторбу же саясатчыбы? Партократпы? Демократпы? Бир адамды беш бөлүп, өзүбүздүн ооздон чыккан сөздүн кулу болуп калбайлы?
Биз адамды мындай категорияларга бөлгүбүз келбейт. ГКЧП жеңилген соң партократ ким, демократ ким ажыратуу кыйын болуп калган. Төшүн каккандар эле көп. А мындай төш каккандардын чыныгы жүзү миңдеген маскалар менен чүмбөттөлгөн.
Биз каарманыбызды башында адамча жакын билбегендиктенби, айтор Жээнбековдун ийгилигине да, кемчилигине да кайдыгер элек. Гезит бетинде аны каралаган сөз жамгыры деле кызыгуубузду арттырбады. Кыскасы, аны актай да, коргой да албайбыз. Айкындуулук, кайра куруунун шары менен Ак үйдүн алды кийинки күндөрү тарых театрына айланмай болду. Ак үй алды ак, кара түстөй контрастуу.
Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы А. Масалиевдин кызмат ордунан четтетилишин талап кылган пикетчилердин ичинде Кыргыз телерадиокомпаниясынын диктору С.Жээнбеков да бар эле. Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысынын саясаты, анын республикабыздын тагдырын чечүүдөгү чечкинсиздиги ички нааразычылыкты күчөттү. Ал кезде бийлик башында турган адамдын кемчилигин сынга алып, ачуу сөздү бетке айткан жүрөктүүлөр саналуу эле.
Алардын катарында КДКнын лидерлери Т.Тургуналиев, К.Акматов. Көпчүлүктүн көзүнө түшө калбаса да А. Масалиевдин саясатына нааразы болуп, ачкачылыкка чыккан жигиттердин арасында С.Жээнбеков да жүрдү.
Пикетке чыккандардын талабы орундалып, А.Масалиев бийликтен кетип, эл башына демократ-саясатчы, кийин чакан мамлекетибизди ичп-жеп байыган А. Акаевдин келгенине да Ак үй күбө.
Акыйкаттыктын туусун көтөргөн студенттер, жаштар, жаңыча ойлогон жигиттердин андагы маанайлары бийик эле. С.Жээнбековдун А.Масалиевге койгон ачуу дооматы деле биздин кулагыбыздын учунда. Ойлогон оюн жашырбай кемчиликти бетке айткан өткүр жигитке балким ошол тушта президент А.Акаевдин көңүл кушу түшкөндүр.
Кийинчерээк С.Жээнбеков эски гвардиянын ишенимдүү кызматкери У.Орозованын ордуна Кыргыз телерадиокомпаниясынын төрагалыгына шайланды. Айрым калемдештерибиз жаңы төраганын зоболосун көтөрүү үчүнбү же өздөрүнүн тар кызыкчылыктарын көздөдүбү «чү» деген жерден эле гезит беттерине алып чыгышты. Жаш жетекчи республикадагы кайра куруу, демократиянын демине белсене, нечен жылдан бери партиянын чеңгелинде келген республикабыздын телерадиокомпаниясын түп тамырынан бери өзгөртүүгө батыл киришти.
Дегинкиси ал министрликке күтүүсүздөн президент Акаевдин «командалык кадр топтоо» саясатынын негизинде С.Жээнбеков, Б.Талгарбеков жана башка сыяктуу эч кандай даярдыгы жок келди. Артка бир кадам жасап туруп бул доонун аргументтүүлүгүнө ишенем, себеби, биз эскини жеңе албай, жаңыга көнө албай орто жолдо турганбыз. Оңго барсаң атың, солго түшсөң өзүң мерт болосуң деген кеп эле. Коммунисттик партиянын баягы даңгыр жолу жок.
С.Жээнбеков жетекчи катары башка бирөөнү ээрчигендей сокур аткаруучу беле? Ал өз көз карашына, дилине жат чечим, токтом, өтүнүчтү колдоочу беле? Август күндөрү ал неге ГКЧПнын чечимдерин аткаруудан баш тартты? Дагы эле шекспирдик суроо туулат: ПрезидентЕльцинди туурап ГКЧПнын чечимдерин аткаруудан баш тарткандыгы үчүн калгандар бул эрдикке барыштыбы?!
С.Жээнбеков ГКЧПнын басма сөзгө жасаган кысымына каршы турду. Анын ордунда башка бирөө болгондо деле ушул ишке барышы мүмкүн эле. Себеби демократия, акыйкат үчүн күрөш «төртүнчү бийликтин» түздөн-түз милдети, ага мурдагыдай партиялык тыюу салуу, чектөө, көрсөтмө берүү үстөмдүгү чектелүү.
Бир колунда эркиндик тизгини, экинчи жагында саясий тирешүүнүн жаңы этабы - бийлик амбициясын жеткире баалай албаган жетекчиге өзүнчө сыноо эле.
Анын үстүнө С.Жээнбеков президентибиздин чечимдерин жан-дили менен аткаруунун үстүндө жанталашып жүрүп, тегерегине «партизандардын» кантип топтолуп калганын туйбаса керек. Балким, жаш жетекчинин ушундай чечкиндүүлүгү, кызматы, бийлик башка бирөөнүн алдында ийилип саламга келбегени анын кийинки карьерасына кедерги болгондур же өзүнүн нравасы өзүнө каршы чыккандыр?
А балким жаңы көз караш, жаңыча ойлогон, бирок саясий тажрыйбасы али алешем жаштарга алчы таасын жеп калган бийлик ээлери тымызын кылтак тартпасын? Алардын мындай иште тажрыйбасы мол. Балким, өзүн бийлик ээлеринин алдында сылык-сыпаа алып жүрө албагандыгы үчүн С.Жээнбеков өз жолуна өзү бөгөт болгондур. Айтор, С.Жээнбеков демократиянын эксперименти болгон сыяктуу. Бирок ушуну менен эле С.Жээнбековдун саясий чөйрөдөгү жылдызы түштү десек болобу? «Ак-бата» гезити биринчи эле санында «Сатыбалды (Жээнбеков) жатып алды» деп бакыйып жазып чыккан. «Кыргыз мамлекеттик телерадиоагенттигинин мурдагы төрагасы С.Жээнбеков өзүнүн кийинки кызматына, Кыргыз телеграфагенттигинин мүдүрүнүн орун басарлыгына анча ыраазы эмес окшобойбу» деген түкшөмөл кеп айтылган. С.Жээнбеков Кыргыз телерадиокомпаниясынын төрагалык милдетинен бошотулган менен, эл ишениминен кеткен жок. Профессионал боксёр катары, саясий рингге жаңы күч жаңы тажрыйба, жаңы агым менен келе албай калды...
Ичкиликти оозуна албаган Сатыбалды Жээнбековдун жубайы Токмокко кеткен күнү үйүндө эки киши болгону аныкталган. Анын бири азыркы генерал Суваналиев болсо, экинчиси Каптагаевдин кол баласы Бакыт Бакетаев болгон. Булар эмне себептен Жээнбековдун үйүндө ал тиги дүйнөгө узар алдында болушкан. Булардын ошол убакта Жээнбековдун үйүндө экенинин далилдери бар, ошол күнү капилеттен ооруканада көз жумган Жээнбековду бийлик ичкиликтен каза болду деп чыккан. Ичип жүргөн адам болсо мейли, Жээнбеков ичпеген адам болгондуктан аны ким зордоп ууландырган. Анын үстүнө бул кылмыш иши жабылып, «Жабылуу аякка» эч ким киришкен жок. Кыңыр иш кырк жылдан кийин билинчү эле.
Аттан түшсө да үзөңгүдөн түшпөйт» дейт кыргыздын бычакка сап жигиттерин. Илгертен эле эл четинде, жоо бетинде эрдик көрсөткөн азамат ириде оозго алынып, ошолор тууралуу дастандар жаралган. Жоокерчилик заманда деле элине ак кызмат өтөгөн жолборс жүрөк, жолборс билек шерлер сейрек чыккан. Ушундан улам менменсиген миң сан эрлердин бир, экөөсүнүн гана эрдиктери биздин күндөргө ыр, санжыра, дастан болуп жеткендир.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg