www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Афганистан Эмират болсо, Улуу Памир Кыргыз Султанатын түзсө болот. Мындай пикирди коомдук ишмер, саясатчы Эмилбек Каптагаев айтты.
--"Афганистан өзүн Эмират деп жарыялап жаткандан кийин Улуу Памирдеги кыргыздарды алып чыгып, түпкүлүктүү кыргыз жерин таштап чыгып кетебиз дегендин ордуна аларга дипломатиялык, уюштуруучулук, техникалык жардам берүү менен жер чегин аныктап Улуу Памир Кыргыз Султанаты түзүлгөнүн жарыялоо туура болот.
Кыргыз Султанаты болсо Афган Эмиратынын ичинде саясий жана административдик-аймактык субъект болуу укугуна ээ болот. Бул маселеде калктын саны мааниге ээ эмес. Илгери Дауд королдун тушунда кыргыздар ошондой укукта болуп, Рахманкул хан падыша-сарайга барып турган", - дейт саясатчы.
Кошумчалай кетсек, 15-августта "Талибан" кыймылы Кабулду өз карамагына өткөргөн. Учурда талибдер Афганистандын бардык аймагын ээлеп алды. Алар Афганистанда "Ислам эмиратын" түзүүнү пландоодо.
Булак: NazarNews.kg