www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвадан келген Бейшекеев Сейит аттуу мекендешибиз аэропорттон кандай текшерүүлөрдөн өткөндүгү жана обсервациядагы кызыктуу окуялары менен бөлүшүү үчүн NazarNews.kgге байланышты.

Анын сөзү төмөндө өзгөртүүсүз берилди:

“Мен 23-мартта Москвадан келдим. Учакта келген баарыбызды карантинге 3 күн жаткырышып, абалыбыз жакшы экендигин көрүшкөндөн кийин үй карантинине жиберишти.

Учактын ичинен, аэропорттон анализ алышып, текшеришти. Андан кийин автобус менен Бишкектеги милиция менен курчалган №1 гимназияга обсервацияга алып келишти. Ал жердеги шартты көрүп, курсак ачып, түшкө чейин ызылдадык. Андан кийин курсагыбыз ачып, тамак-аш жок болуп, арабызда мурунку депутат Кубанычбек Исабеков “тынчтангыла, тигинткиле, минткиле” деп айтып, тамак алдыртып жатты.

Көнүп калгандан соң Кубанычбек Исабеков уктап калса, аны ошол жерден бирөө “депутат качып кетти” деп интернетке чыгарып салыптыр. Аны интернетке ким чыгарды деп эртеси дагы ызы-чуу болдук. 

Тесттерибиз үчүнчү күнү таза чыккандан кийин сүйүнүп, обсервациядан берилген эки маалым кат менен Нарынга кайттым. Маалым каттын бирин Нарынга, экинчи кагазды айылдагы бейтапканага бердим.

Үйдөн эч жакка чыкпай, олтурам. Учактан коркконубуздун себеби, Германиядан, Франциядан келгендер бар экен.

Москвадан эле беткап, колкап кийип, антисептик колдонуп жүрдүк. Бирок Москвада орустар өздөрү кадимкидей эле беткап, колкапсыз жүргөн ошол учурда.

Ушул илдетти Москвадан жуктурбайын, тынчыраак деп Кыргызстанга келгенмин. Бирок бул жакта интернеттеги биз тууралуу комментарийлерди окуп, капа болдум.

Мигранттар миллиарддаган акчаларды которуп, Кыргызстанды багып жатат. Анан ушундай мезгилге туш келгенде бизди адам катары көрбөй, “аларды эмне алып келип жатасыңар, таштагыла аларды” деп жазып жатышат. Токолдун балдарына болгондой эле мамиле болду.

Кыргыз мигранттар оорубай эле койсун, бирок ооруп калса, аларды Россия карабайт. Баары өз жарандарын алып кетишет”,-деп өз таарынычын билдирип, өлкөдөгү өзгөчө абал бүткөндөн кийин “Бишкектен жер тилкесин алып койгомун, ошол жерге үй салам”,-деп келечектеги пландары менен бөлүштү.

Каарманыбыз айткандай чет жерден келген жердештерибизге нааразычылык маанайды социалдык тармактар аркылуу көрүүгө болот.

Мисалы, Түркияга кеткен 60 апа 25-мартка караган түнү аман-эсен Мекенине кайтып келишкен. Алар менен кошо коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн улам келе албай жаткан 190 кыргызстандык кошо келген. Бардыгы тиешелүү текшерүүдөн өтүп, обсервацияга жаткырылгандыгы маалым болгон.
Энелерди социалдык тармактардын колдонуучулары кызуу талкууга алып, "карыганда шайыр болбой эле коюшпайбы", "булардын шайырдыгын ким угат?", "небере багып үйдө болсоңор болбойбу", "дүйнөнү вирус каптап жатса эмнеге бардыңар?" деген сыяктуу ачуу сөздөр менен тилдеп жатышкандыгын көрүүгө болот.
Жогоруда каарманыбыз айткандай алар Мекенине келбегенде кайда барат?! Бирок ошол эле учурда ар бир мекендештерибизди, айрыкча, чет өлкөгө чыккандарды жарандык жоопкерчиликти карманууга чакырабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости