www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эксперт: АКШ өзүнүн валютасынын душманы болуп жатат

АКШ ар кыл мамлекеттерге салынган сакциялардан улам ага болгон ишенимди жок кылып, өзүнүн валютасынын душманы болууда. Мындай пикирин Өнүктүрүү боюнча жаңы банктын мурдагы (2015-2017) вице-президенти, бразилиялык экономист Пауло Батиста Ногейра билдиргенин РИА Новости жазды.

"АКШ доллардын күчүн өзүнө пайда келтирип, аларга (башка өлкөлөр – ред.) зыян кылуу үчүн колдонот. Ар кыл мамлекеттерге салынган сакциялардан улам долларга болгон ишенимди жок кылып, өзүнүн валютасынын душманы болууда", — деген Ногейра журналисттерге "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун жыл сайын өтүүчү отурумунда БРИКСтин бирдиктүү валюта түзүү сунушуна комментарий берип жатып.

Эксперттин пикиринде, 2024-жылы БРИКСте Россиянын жана 2025-жылы Бразилиянын төрагалыгы — оңдой берди болду, анткени эки лидер тең бирдиктүү валюта түзүүгө кызыкдар. Бирок бул демилге "кылдат иштеп чыгууга жана жаңы ыкмаларга" муктаж.

"Эгерде баары жипке тизгендей болуп шыдыр кетсе, 2025-жылдагы саммитте валютаны түзүү боюнча конкреттүү кадамдар кабыл алынат деп ишенем", — деген Ногейра.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости