www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайлык аял Благовещенск бажысынан 2 миллион рублдук эки алтын куймасын ич кийимине катып алып өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Хабаровск бажысы билдирет.

"Благовещенск шаарынын бажы кызматкерлери тарабынан Кытайга 2 миллион рублдан ашык баалуу эки алтын куймасын мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт коюлуп, аял бажы чек арасынан өткөндө атайын металлдарды текшерген жабдуу иштеп кеткен. Бажы кызматкерлери жүргүнчүнү жеке текшерүүгө алып, анын ич кийимдеринен бажы көзөмөлүнөн катылган товар - кытай иероглифи менен тартылган эки алтын куйма табышкан", - деп айтылат маалыматта.

Экспертиза куймалардын ичинде жалпы салмагы 425,59 граммды түзгөн алтын жана күмүш бар экенин көрсөткөн. Аял кымбат баалуу металлды Кытайга зер буюмдарын жасоо үчүн чыгарып жүргөнүн, куймаларды атайын катып койгонун мойнуна алган.

Аталган факты боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 226.1-беренеси (Стратегиялык маанилүү товарларды жана ресурстарды контрабандалык жол менен алып өтүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Кытайлык аялга бир миллион рублга чейин айып пул тагылып, жети жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости