www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин жыйынында депутат Гуля Кожокулова Аселге карата кыйноо фактысы боюнча прокурорлордун аракетсиздигине нааразы болду.

Анын айтымында, бул иш боюнча жетиштүү иш жүргүзүлбөгөндүктөн, РИИБдин жетекчилерин кызматтан алуу зарыл.

"Мен бул маселени өткөн жолу көтөргөм. Мага толук маалымат беришиңиз керек. Баш тартуу боюнча беш материал болгон. Райондун прокурору кайда эле? Облустук прокурор? Ал жердеги РИИБдин жетекчилерин кетирүү керек. Үч күнгө баш коргоо чарасы чыгарылган. Эгерде жакындарыңардын башына ушундай окуя түшсө, дароо чара көрмөксүңөр, бул карапайым элге жарабайбы?”— деп сурады депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости